Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:12

Байден менен Зеленский НАТОнун саммитинин алкагында жолугушат


Жо Байден жана Владимир Зеленский, архив.
Жо Байден жана Владимир Зеленский, архив.

АКШ менен Украинанын президенттери Жо Байден жана Владимир Зеленский НАТОнун Вильнюстагы саммитинин алкагында сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Бул тууралуу Politico, CNN жана Reuters америкалык аткаминерлерге таянып жазды.

Маалымат бергендердин айтымында, алардын жолугушуусу 12-июлга белгиленген, бирок азырынча расмий тактала элек.

Мурдараак Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азырынча эрте экенин билдирип, Киевдин блокко кириши НАТО менен Орусиянын ачык тирешине жол ачышы мүмкүн экенин эскерткен.

Литванын борбор шаарында 11-июлда башталган НАТОнун эки күндүк саммитине украин президенти Владимир Зеленский катышары болжолдонуп жатат. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошуу жаатында бирдиктүү жообун бере элек. Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу жараянын баштоодон баш тартса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG