Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:53

Бала менен үйдө отурган эненин убактысын эмгек стажына кошуу сунушталды


Жамиля Жаманбаева.
Жамиля Жаманбаева.

Бала багыш үчүн үйдө отурган аялдардын бул убактысын эмгек стажы катары эсептөө керектигин акыйкатчы Жамиля Жаманбаева лидер аялдардын Бишкекте өткөн курултайында айтты. Мекеменин басма сөз кызматынын 11-июлдагы маалыматына караганда, Жаманбаева баланы тарбиялап, өстүргөнчө жумушка чыкпай отурууга мажбур болгон аялдардын укугун коргоо зарыл экенин, бул үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керектигин белгиледи.

“Эмгек кодексине өзгөртүү киргизип, бала карап үйдө отурган аялдарга ошол убактысын эмгек стажы катары эсептөөгө мүмкүнчүлүк берүү керек”, - деди омбудсмен.

Ошону менен катар Жаманбаева аялдарга карата зордук-зомбулук азайбай жатканын, кыз-келиндерге экономикалык ишмердүүлүктүн бардык түрлөрүнө катышуусуна эркектер менен бирдей мүмкүнчүлүк түзүп берүү керектигин, элет жергесинде жашаган аялдарга да бирдей көңүл буруу зарыл болуп жатканын белгиледи.

Кыргызстанда бала төрөлгөндөн кийинки декреттик өргүүгө 1,5-3 жылга чейин убакыт берилет, аны баланын энеси же атасы алса болот.

Статистика комитетинин маалыматына караганда, 7 миллион калкы бар Кыргызстанда эркектер менен аялдардын саны дээрлик бирдей. Аялдар орточо эсеп менен үч же андан көп бала төрөшөт, айыл жергесинде төрт же андан көп. Эмгек рыногунда аялдарга караганда эркектер көбүрөөк. Жумушсуздар арасында аялдар көптүк кылат, аларга маяна эркектерге караганда азыраак төлөнөт.

Эмгек стажы пенсияга чыгуу үчүн зарыл талаптардын бири. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG