Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:11

Орусиянын Пермь аймагындагы дарыяда туристтердин тобу жоголду


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиянын Пермь аймагындагы Усва дарыясында 22 туристтен турган топ дайынсыз жоголду, алардын жарымы балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук башкармалыгына таянып, жергиликтүү маалымат каражаттары 11-июлда жазышты.

Топ 4-июлда 175 чакырымдай аралыкка жолго чыккан. 9-июлда акыркы чекитте айдоочу туристтерди тосуп алышы керек болчу. Бирок топ белгиленген жерге барган эмес. Байланышка чыга элек. Куткаруучулар издөө иштерин баштады.

Mash Телеграм-каналы билдиргендей, туристтер дарыяда кайык менен сүзүүнү өз алдынча уюштурушкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG