Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:57

Орусияда ашынган улутчул Тесактын шериктери мигранттарды өлтүрүүгө күнөөлүү деп табылды


Максим Марцинкевич, 2014-жылкы сүрөт.
Максим Марцинкевич, 2014-жылкы сүрөт.

Москва облусундагы Сергиево-Посадский шаардык сотунда сот арачылары 20 жыл мигранттардын өлүмүнө айыпталган ашынган улутчул Максим Марцинкевичтин (Тесак) алты шеригин күнөөлүү деп тапты.

Тергөөнүн версиясына ылайык, 2003-жылы ашкере улутчул көз караштагы Марцинкевич, Семён Токмаков жана Андрей Кайль эки мигрантты "курулуш иштерине" деп алдап, Смоленск облусундагы Тесактын үй-бүлөсүнө таандык дачага алып барышкан. Ал жактан мигранттардын бирин балта менен чаап, экинчисин муунтуп өлтүрүп, сөөктөрүн дачага көмүп салышкан. Кийинчерээк Токмаков, Кайль жана башка соттолуучулар (Алексей Гудилин, Александр Лысенков, Максим Хотулев и Павел Хрулёв) Сергиево-Посадскийдеги каралбай калган турбазада дагы эки мигрантты өлтүргөн. Бул учурду алар видеого тартып, интернетке чыгарышкан. Мигранттардын баштарын Гольяново районундагы көчөлөрдүн бирине ыргытып жиберишкен.

Тергөө бул кылмыштардын уюштуруучуларынын бири Марцинкевич болгон деп эсептөөдө. Анын сөөгү 2020-жылы күзүндө Челябинсктеги тергөө абагында табылган.

Орусиянын Жазаларды аткаруу кызматы менен Башкы прокуратурасы Марцинкевич өмүр бою эркинен ажыратуу жазасынан коркуп, өз өмүрүнө кол салганын билдиришкен.

"Медиазона" басылмасы белгилегендей, Марцинкевичтин азыр соттолуп жаткан шериктери тергөө маалында күнөөлөрүн моюнга алып, сотто айыптоолорду кайрадан четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG