Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:17

Бишкек: үч адамды өлтүрүүгө шектүү сотто күнөөсүн мойнуна алган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектеги Октябрь райондук сотунда 11-июлда үч кишинин өлүмүнө шектүү Чынтемир Аширалиевдин иши карала баштады. Анда кылмышка шектүү күнөөсүн мойнуна албай турганын айтты.

Анын алдында мамлекеттик айыптоочу Аширалиев өзгөчө оор кылмышка айыпталып жатканын, кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда, аракетине жооп бере алган абалда болгонун, маңзат, алкоголго көз каранды эмес экенин билдирген.

Сот жараянынын башталышында кылмышка шектүүнүн адвокаты жараянды жабык өткөрүү тууралуу өтүнүч келтирген, бирок судья аны канааттандырган жок.

Бишкек шаардык милициясы 12-июнда бул үрөй учурган окуяга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн билдирген.

Быйыл февралда 51 жаштагы аял, анын 17 жаштагы кызы жана жети жаштагы уулу өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү катары 36 жаштагы Чынтемир Аширалиев кармалган.

Ал соңку парламенттик шайлоодо Баткендеги бир мандаттуу №2 шайлоо округунан талапкерлигин коюп, алты миңден ашык добуш алып, утулуп калган. Ага чейин УКМКда 15 жыл иштеп, майор чинин алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG