Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:08

Акылбек Жапаров "Мекен-карт" берүү иштери солгун экенин эскертти


Өткөн айда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берген.
Өткөн айда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берген.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Мекен-карт" программасынын алкагында иштерди күчөтүү керектигин билдирди. Ал 11-июлда Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясында бул макамды алууга жалпысынан 34 арыз түшкөнүн, анын 18 гана каралып, канааттандырылганын билдирди.

“Мекен-картка” документ кабыл алуу быйыл мартта башталган. Бул документ мурда Кыргызстандын жараны болгон чет өлкөлүктөргө, алардын балдары жана неберелерине берилет.

Өткөн айда, 12-июнда санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов “Мекен-картты” биринчилерден болуп кыргыз тектүү орус жараны Ж.Исанбек кызына берген.

“Мекен-картты” алуу үчүн калкты тейлөө борборлоруна, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчиликтерине, мекемелерине кайрылыш керек.

“Мекен-карт” алган кыргызстандыктарга “Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш” деген макам берилип, тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга, уруксат документи жок эле иштөөгө, убактылуу жашоого жана билим алууга, медицина мекемелеринин кызматын колдонууга шарт түзүлөт. “Мекен-карт” 10 жылга чейин жарактуу болот.

Документ Кыргызстан менен чектешкен Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Кыргызстанда жашап, кийин башка мамлекеттин жарандыгын алган адамдардын укуктарын кеңейтүүчү мыйзамга 2020-жылы кол коюлган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG