Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:55

Ош: Балдар ооруканасы боюнча төрт айда төрт кылмыш иши козголду


Ош. Балдардын кургак учукка каршы ооруканасы.
Ош. Балдардын кургак учукка каршы ооруканасы.

Ошто балдардын кургак учукка каршы ооруканасына байланыштуу быйыл жыл башынан бери төрт кылмыш иши козголду. Өткөн айда, тагыраагы, 7-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) мекеменин кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесинин негизинде иш козгоп, мамлекетке 2,8 миллион сом зыян келтирилгенин аныктаган.

Март айында оорукананы Ош облустук прокуратурасы текшерип, ошол эле берене менен иш козгогон.

Май айында кайрадан текшерүү жүрүп, эки иш ачылган. «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренесине «Кызматтык жасалмачылык» беренеси кошулган.

Ош облустук прокуратурасы тергөө уланып жатканын «Азаттыка» билдирди. Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион сомдон ашык деп эсептелүүдө.

Айыпталып жаткан тарап комментарий бере элек.

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн кургак учукка каршы облус аралык ооруканасы 70 балага ылайыкташкан. Анда 28 өспүрүм дарыланууда. Кызматкерлердин саны 90дун тегерегинде. Бейтаптар ал жерде 3 айдан 18 айга чейин жатып дарыланат.

Дүйнө жүзүндө жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюму былтыркы жылдын жыйынтыгын чыгарып, Кыргызстанда жемкорлук азайган жок деген бүтүмгө келген. Кыргызстан уюмдун индексиндеги жалпы 100 баллдан 27 упай алып, дүйнөдөгү 185 өлкөнүн ичинен 140-орунду ээледи. Кыргызстан ондогон жылдардан бери жемкорлук индексинде 30 упайга жете албай келет.

Упай канчалык көп болсо, ошол өлкө жемкорлуктан арылуу жолунда дегенди түшүндүрөт. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG