Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Төө-Ашууда машина каттамына убактылуу чектөө киргизилди


Бишкек-Ош жолу.
Бишкек-Ош жолу.

Бишкек-Ош кан жолундагы Төө-Ашуудагы тоннелдин ичиндеги жол оңдолуп жаткандыктан машиналардын каттамына чектөө киргизилди. Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын билдиришинче, мындай чектөө 18-июлга чейин уланат. Ага ылайык, жол күнүгө үч маал, тактап айтканда таңкы саат 5тен 8ге чейин, күндүзгү саат 10дон 12ге чейин жана түштөн кийин саат 2ден 4кө чейин жабык болот.

Мунун алдында Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуудагы каттамга 10 саатка чейин созулган убактылуу чектөө келерки аптадан тартып киргизилерин билдирген. Министр Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына “тоннелдин ремонт иштеринин акыркы этабы калды. Жумушту тез бүтүрүү максатында эми чектөөлөр кийинки жумадан баштап 10 саатка чейин болот. Бул аракет асфальт төшөөнү тездетүүгө байланыштуу”, - деп жазган.

Буга чейин аталган тоннелдин ичиндеги жолдун сапатына байланыштуу нааразылык көбөйгөн. Айрым учурда тыгындар дагы пайда болгон. Өткөн айда тоннелди суу каптаган.

Аталган министрлик май айында тоннель толугу менен оңдолорун билдирген.

Кусеин Көлбаев атындагы тоннелдин узундугу үч чакырымга жакын. Деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан.

Тоннелдин курулушу 1957-жылы башталып, 1964-жылы аяктаган. 1999-жылы аны Түштүк Кореянын "Самсунг" компаниясы реконструкциялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG