Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:27

Орусия: Тергөө комитети Ржицкийди өлтүрүүгө шектүү кармалганын билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Тергөө комитети Краснодар аймагындагы моблизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Станислав Ржицкийди өлтүрүүгө шек саналган адам кармалганын билдирди. Мекеме тараткан учкай маалыматта ал 1995-жылы туулган Сергей Денисенко аттуу адам экени, жанынан кылымшка колдонгон болушу мүмкүн деген тапанча табылганы айтылат. Мындан башка маалымат берилген эмес.

Ржицкийди дүйшөмбүдө күнү эртең менен чуркоого чыкканда атып кетишкен жана ал ошол жерде жан берген.

42 жаштагы Ржицкий буга чейин флотто кызмат кылган жана "Калибр" ракеталары менен жабдылган "Краснодар" суу алдындагы кемесинин командири болгон. Украиналык басылмалар анын кемеси өткөн жылы июлда Винницы облусундагы кагылышууга катышканын жазышкан.

Ушундай аты-жөнү бар адам орус армиясынын аскердик кылмыштарын каттаган украиналык "Миротворец" сайтындагы тизмеге киргизилген. Ал жерде Ржицкий Орусиянын Украинага каршы согушуна түздөн-түз катышкан "Алроса" суу алдындагы кемесинин командири экени жазылган. Ржицкий флоттон мобилизациялоо бөлүмүнүн башчысынын орун басарлыгына качан кеткени белгисиз.

Ржицкийдин жакындары ал Орусия Украинаны бастырып киргенге чейин эле аскерде кызмат өтөбөй калганын, согушка катышпаганын билдирип жатат.

2022-жылдын 24-февралында Орусия Украинага басып кирип, согуш баштаган. Орусияда ошол эле жылдын сентябрь айында аскердик мобилизация жарыяланган. Андан кийин жүз миңдеген киши, басымдуусу аскерге жарактуу эркектер өлкөдөн чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG