Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

Ошто Южный каналына чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө быйыл сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн эскерткен. Иллюстрациялык сүрөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөдө быйыл сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн эскерткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, Ош облусунун Кара-Суу районунда Ачы айылын аралап аккан Южный каналына чөгүп кеткен эки баланын сөөгү табылды.

Кырсык тууралуу 11-июлда малымат түшкөн жана 2014-жылы туулган К.М. жана 2016-жылы туулган К.М. аттуу балдарды издөө башталып, алардын сөөгү 12-июлда түшкө жуук табылды.

Өткөн аптада аталган министрлик өлкөдө сууга чөгүп каза тапкан учурлар көбөйгөнүн билдирген. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 60тай адам сууга чөгүп каза болду жана кырсык бул былтыркы жылдын ушул маалына карата 25% өстү.

Ага чейин Ички иштер министрлиги (ИИМ) соңку алты айда 60тан ашык жаш бала, өспүрүм сууга чөгүп каза болгонун кабарлаган. Мындан улам милиция коопсуздук чараларын күчөткөнүн маалымдаган.

ӨКМдин маалыматына ылайык, былтыр 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.

XS
SM
MD
LG