Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:47

Европарламентте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы, “Азаттыктын” иши талкууланат


Коррупцияга каршы митингде тартылган сүрөт.
Коррупцияга каршы митингде тартылган сүрөт.

12-июлда Европарламенттин пленардык жыйынында Кыргызстандагы адам укуктарынын абалына, сөз эркиндигине жана маалымат каражаттарына болгон басым тууралуу резолюция талкууланат.

Документте “2022-жылдын январынан тарта Кыргызстанда адам укуктарынын жана сөз эркиндигинин абалы кескин начарлап кеткени” белгиленет.

Кыргызстан БУУнун Адам укуктары кеңешинин мүчөсү болуп шайланганда адам укуктарын эл аралык деңгээлде колдоого милдеттеме алган. Бирок өлкөнүн өзүндө “авторитаризме карай регресске ыктап, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана жарандык коомдун эркиндигин чектеп жатканы алган милдеттемесине төп келбейт” деп белгиленет.

Европарламент кыргыз бийлигин учурда талкууланып жаткан төрт мыйзам долбоорун: “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө, “Бейөкмөт уюмдар” тууралуу мыйзамдын долбоору, “Чет өлкөлүк өкүл” жана “Балдарды зыяндуу маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамды артка кайтарууга үндөп, эгер алар кабыл алынса, өлкөдөгү адам укуктарынын абалына олуттуу кесепетин тийгизерин эскертет.

“Азаттык” радиосунун ишмердигин токтотуу аракетин эркин маалымат каражаттарына болгон цензура жана ой-пикир билдирүү эркиндигинин кооптуу бузулушу катары айыптайт.

Европарламент Кыргызстандын акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын мөөнөтүнөн мурда кызматтан алынышына өкүнүч билдирип, кыргыз бийлигин улуттук укук коргоо мекмелеринин ишмердигинде Париж принциптерин сактоо маанилүү экенин эскертет.

Коррупцияга каршы күрөшкөн таанымал журналист Болот Темировдун кесиптик ишмердигин аркалаганы үчүн кыргыз паспортунан ажыратылып, Орусияга депортация болгонуна тынчсыздануу билдирет. Темировго коюлган айыптарды алып салып, анын кыргыз жарандыгын калыбана келтирүүгө чакырат.

Кемпир-Абад ишинин алкагында айыпталган укук коргоочу аялдар Гүлнара Журабаевага, Клара Сооронкуловага, Рита Карасартовага жана Асия Сасыкбаеваге коюлган айыптарды тезинен алып салууга чакырат.

Европа Биримдигиндеги институттарды кыргыз бийлиги менен кызматташууда сөз эркиндигинин абалына тынчсыздануу билдирүүгө үндөйт. Бул резолюциянын долбоорун Европа кеңешине, Еврокомиссияга, шаркетке мүчө мамлекеттердин өкмөттөрү менен парламенттерине, БУУнун Адам укуктары кеңешине, ЕККУга жана Кыргызстандын президентине, өкмөтүнө, парламентине жиберүүнү тапшырат.

13-июлда Европарламентте бул резоюция добушка коюлат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG