Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:23

БУУ Швецияда Курандын өрттөлүшүн айыптаган резолюция кабыл алды


Ыйык Курандын көчүрмөлөрүн көтөргөн палестиндер Чыгыш Иерусалимдеги швед консулдугунун имаратынын алдына митингге чыгышты. 3-июль, 2023-жыл.
Ыйык Курандын көчүрмөлөрүн көтөргөн палестиндер Чыгыш Иерусалимдеги швед консулдугунун имаратынын алдына митингге чыгышты. 3-июль, 2023-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши 12-июлда диний жек көрүүчүлүк тууралуу талаштуу резолюцияны жактырды. Чукул жыйын Пакистандын өтүнүчү менен Швецияда Куранды өрттөгөн окуядан кийин өткөрүлдү.

Жыйында Адам укуктары боюнча башкы комиссары Волкер Түрк сабырдуулукка чакырып, диний кастыкты козуткан аракеттерден баш тартууга үндөдү.

53-сессияда кабыл алынган резолюцияда «Адам укуктары боюнча кеңеш диний жек көрүүчүлүктү пропагандоолону жана көрсөтүүнү, анын ичинде Ыйык Куранга атайылап коом алдында шек келтирүүнү кескин түрдө айыптайт жана күнөөлүүлөрдү мыйзамга ылайык жоопко тартуу зарыл экенин белгилейт» деп жазылган.

Документти 28 мамлекет колдоду, 12си каршылыгын билдирди. Арасында АКШ менен Британия да бар. Алар өз чечимин резолюция адам укуктары жана эркин пикир билдирүү жаатындагы көз караштарына каршы келет деп түшүндүрүштү.

28-июнда мусулмандар Курман айт майрамын белгилеп жатканда 37 жаштагы ирактык качкын Салван Момика Стокгольм шаарындагы мечиттин алдында Куран китебин тепкилеп, өрттөгөн. Окуя тартылган видео интернетке тараган. Полиция акцияны кайтарып, коомдук тартипти көзөмөлдөп турган.

Швециядагы мусулмандар жамааты окуяга өкүнүчүн билдирди.

Сауд Арабиясы, Ирак, Иран, Марокко жана башка мусулман өлкөлөрү окуяны айыпташты. Пакистанда мусулмандар 7-июлда, жума намаздан кийин митингге чыгып, нааразылык билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG