Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Жыл сайын сууга секирип каза болгон 10-12 учур катталууда


Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.
Ысык-Көл. Иллюстрациялык сүрөт.

Сууга секирип каза тапкандар жыл сайын Бишкектеги Улуттук госпиталда эле 10-12 адамдын тегерегинде катталып жатканын Kaktus.media басылмасына 12-июлда өлкөнүн башкы реаниматологу Гүлжан Жүзүмалиева билдирди.

Реанимацияга мындай жаракат менен негизинен 14-20 жаштагы балдар түшөрүн айткан адис жакында эле 16 жаштагы баланы сактап калуу мүмкүн болбой калганын, сууга секирип түшүүнүн кооптуулугун балдарга түшүндүрүү ишин күчөтүү керектигин кошумчалады.

Жүзүмалиева нейротравматолог адистер андай бейтаптарга жардам берүү үчүн колунан келген бардык аракетин кыларын, бирок омурткасынан катуу жараат алгандардын көбү каза болорун, тирүү калгандары өмүр бою майып болуп каларын айтты.

Ошону менен катар ал түшүндүрүү иштерин мектепте, медициналык клиникалык базада жүргүзүү зарылдыгын, пирси бар пансионаттардын ээлери да жооптуу экенин, алар эс алуучуларды эч болбогондо үч күндө бир чогултуп, сууга секирүүнүн кооптуулугу тууралуу маалымат бериши керектигин белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG