Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:37

"Өз ара таасир талашууда". Кен байлыктарга кынык алган уюшкан топтор


Чаткал району.
Чаткал району.

7-июль күнү Чаткалдын ооруканасына жети-сегиз жерине ок жеп, кансыраган абалда 38 жаштагы жаранды алып келишти. Атылган октун бири сол кабырганы тешип кирип, ашказан, ичегилерди аралап кеткен экен.

Ооруканага чала жан абалда түшкөн адам Чаткалдагы криминалдык авторитеттердин бири, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү делген Самарбек Жолдошев болуп чыкты.

“Сол колуна, буттарына, анан кабырга тушка аткан экен. Биз дароо операция жасап, ички органдарын тазалап чыктык. Ал жолдо жүрө албагандыктан, 9-июль күнү тик учак менен Бишкекке алып кетишти. Абалы орто оор”, - деди Чаткал райондук ооруканасынын жетекчиси Малик Исмаилов.

Окуяга шектүү катары 30 жаштагы Жакшылык Сүйөркулов кармалып, анын жанынан бир огу менен “Макаров” тапанчасы алынган. Жалал-Абаддын милициясы экөө тең мурда соттолгонун, кылмышка шектүү эки айга камалганын кабарлады.

Чаткалдыктар Самарбек Жолдошевди “Дөө” деген ат менен белгилүү, абакта киши колдуу болуп өлгөн Чыңгыз Жумагуловдун жакын адамы катары таанышат. Ал абактан чыккандан кийин Чаткалда жүрүп, алтын кендин иштерине аралашып жүргөн экен.

Сегиз жолу ок тийген Самарбек Жолдошев.
Сегиз жолу ок тийген Самарбек Жолдошев.

Биз маселени ичтен билген эки жергиликтүү тургун менен сүйлөштүк. Алар аты-жөнүн атабоо шарты менен Самарбек Жолдошевдин өтмүшүн, Чаткалдагы криминалды айтып берүүгө макул болушту.

“Алтын кен иштеткендерди коркутуп, алардан акча алып жүргөн. Бирок бул нерселерди далилдеш кыйын да. Аны аткан адам Камчы Көлбаевдин адамы экенин билебиз. Ушундан улам таасир талаш деген сөздөр жүрүп атат. Булардын Чаткалдагы талашы алтын эле да. Анткени райондогу криминал алтын казган компанияларга каршы көтөрүлүш, акцияларды уюштуруу, же болбосо токтотууда ролу чоң. Муну элдин баары билишет”, - деди атын атагысы келбеген жаран.

Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал "адам уурдоо", "уурулук", "опузалап акча талап кылуу" жана "автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу" сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган. Жолдошев 2018-жылы 19-январда соттун чечими менен жатак абагына чыга турганы кабарланган. Бирок февраль айында Ысык-Ата райондук сотунун чечими жокко чыгып, кайра абакта калтырылган.

“Чаткалды криминал басып алды”

Чаткал - кенге бай, ошол эле учурда алтынды башаламан казып алуу жүргөн райондордун бири. Мунун айынан аймакта ар кандай чыр-чатактар чыгып турат. Атын атагысы келбеген дагы бир тургундун айтымында, Чаткалдагы алтын кендин ар биринде криминалдын катышы бар.

“Бизде алтын казыла баштаганда эле уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү, спортчулар пайда боло баштаган. Алар кен чыккан жерден үлүш, ар бир машинеден акча алат. Буга чейин “Чаткалды уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү басып алды” деп айткам. Бирок бизди угушкан жок да. Алар 2020-жылы бийлик алмашканда алтын казган кендин бирин басып алып, чоң суммадагы акча сурашкан. Азыр алардын үйүнө барсаң, сөзсүз курал чыгат. Милиция көрмөксөн болуп келет”, - деди жергиликтүү тургун.

Жергиликтүү тургундар кенден ар кандай жол менен чыгарылган алтынды Бишкекке, же чет жакка сатууда криминалдык топтордун ролу чоң экенин да айтышат. Аларда көп жылдан бери жолго коюлган схема бар дешет.

Чаткалдагы Терек-Сай кени
Чаткалдагы Терек-Сай кени

Бирок райондук милициянын башчысы Кубан Нуриев Чаткалда уюшкан кылмыштуу топтордун таасири жок деп ишендирүүдө.

“Алтын кендерге криминал аралашып атат” деген сөздөр жалган. Мындан 5-6 жыл мурун ушундай окуялар көп болгон экен. Азыр криминалга жол берилбейт. Район толук көзөмөлдө. Бүт фирмалар өз ишин кылып, анда карапайым адамдар иштеп атат”.

Негизи эле ар кандай кен иштетилген аймактарда криминал кынык алып, жыйынтыгында ич ара чыр-чатактар чыгып келгени жашыруун эмес. Буга Тогуз-Торо районунун “Макмал” алтын кениндеги, Жумгалдын Кара-Кечесиндеги бир нече окуялар далил болуп бере алат.

Кара-Кечедеги “каралар”

2020-жылы 28-августта Кара-Кечеден көмүр алып чыккан айдоочуга кол салуу болуп, ага эки жолу ок атышкан. Ушул эле жылы октябрь айында бийлик алмашып кеткенде, көмүр кенди крим чөйрөгө “Саяк” деп таанылган Мурат Кадыркуловдун адамдары басып алганы кабарланган. Бирок бул маалыматты Нарындын милициясы тастыктаган эмес.

2022-жылы УКМК “Кара-Кече” ишканасынын кызматкерлерин коркутуп, көмүр жүктөп кеткен кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаганын билдирген. Алар “Саяк”, “Мики Чор” каймана аты бар К.М. жана Ж.М. экени кабарланган.
Бир учурларда Кара-Кечеде ок атылып, бийлик кенди толук көзөмөлдөн чыгарып ийген учурлар да болгон.

Жумгалдык журналист Айбек Шамшыкеев Кара-Кечеде криминалдын таасири азая түшкөнү эле болбосо, көмүр ташууга азыр да аралашарын айтат.

“Криминал Кара-Кечени 1995-жылдардан бери карап келет. Алар кезеги жок көмүргө кирет, айдоочулардан акча алып турган учурлар болгон. Убагында Рыспек Акматбаевдин аралашуусунда көп окуя болуп өткөн. Мындай окуялар артта калганы менен, Кара-Кечедеги тартипти криминалдык топтор башкарарын эл айтып жүрөт. Негедир буга расмий бийлик, органдар үн катпайт. Криминал аларга керектей да”.

Айбек Шамшыкеев Кара-Кечеге жакын айылдарда таасирдүү адамдар азыр да бар экенин, алардын машинелери көмүргө кезексиз кирип чыгарын айтып жатат.

Кара-Кече Кыргызстандагы эң ири көмүр кендердин бири болуп саналат. Анда 400 миллион тоннадан ашык көмүрдүн запасы бар. Кендин аймагында азыр үч ишкана - «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын «Кара-Кече» филиалы, «Шарбон» жана «Ак-Жол» аттуу ишкана көмүр казып иштейт. Кара-Кечедеги ишканалар Бишкек шаарына жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарын көмүр менен камсыз кылат.

2020-жылдан кийин Кара-Кенинин иши үзгүлтүккө учурап, кыш мезгилинде көмүр кризиси жаралган. Мындай окуялардан кийин бийлик көмүр кендеги көзөмөлдү күчөтүп, андагы мамлекеттик ишканага "Альфанын" спезнацтарын алып барышкан эле.

“Комбинаттын кадр маселесине чейин жетишкен”

Макмал алтын кени көп жылдар бою Тогуз-Торо районунун тургундарын, анын ичинен криминалдык топторду жакшы эле багып келди. Башка кендер сыяктуу эле Макмалдагы комбинатта деле криминал таамырын жайганы айтылат.

Райондогу Көк-Ирим айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Кадырбек Эпеевдин айтымында, союз ураган 90-жылдардан кийин Макмалдын алтыны өлкө боюнча криминалдын көзүн кызарткан. Азыр алтын, аны менен чогуу кримтоптор азайган дейт ал.

“Алтын чыккан жерге өздөрүнүн кишилерин коюп, алтын чыгарып турган. Эң маанилүү жерлердеги кадр маселесин чечишкен. Бул 1990-жылдардан бери келаткан көрүнүш. Бизде Болот Самсалиев (Боха Казарманский) деген болгон. Алардын ич ара тирешүү, таасир талашуусу да болгон. Азыр да уланып атат. Болгону мурдагыдай ачык эмес, тымызын иштей башташты. Алтын болгон жерде криминал жок болуп кетпейт экен да”.

2018-жылы 11-апрелде жергиликтүү тургундар "Жи Эл Макмал Девелопинг" ишканасына нааразы болуп, жыйынтыгында компаниянын жаңы курулуп жаткан имаратын өрттөп салышкан. Андагы чыгым 2,3 млн. доллар деп бааланган.

Кадырбек Эпеев бул окуяда криминалга байланышы бар адамдар жергиликтүү тургундарды шыкактаган деп эсептейт. Негизи жарандарда нааразылык акциясынан кийин эле тарап кетүү планы болгонун айтат.

"Таза иштеген жерде криминал болбойт"

Жогорудагы окуялар көрсөткөндөй кен казылган, акча айланган жерде криминалдын таасири дайыма болуп келген. Көп учурда көзөмөл жок ишкана, кендерде крим дүйнө күч алат. Маалында УКМКнын орун басары, “Кыргыз алтын” ишканасынын төрагасы болуп иштеген Токон Мамытов деле кендердеги “каралардын” таасирин жокко чыгарбайт. Анын баамында, көп учурда жергиликтүү бийликтин шаалакылыгы себеп болуп келет.

Токон Мамытов
Токон Мамытов

“Бул маселени күч структуралары, өкмөт, эл аралык уюмдар менен бирге изилдегенбиз. Ошондо жергиликтүү бийликтин так иштебегени, органдардын ишиндеги кемчиликтерден улам келип чыгып атат деген бүтүмгө келгенбиз. Кен байлыкты көзөмөлдөгөн мекеменин ачык эместиги, тендердеги мыйзам бузуулардан улам да талаш-тартыштар болгон. Ошондой эле ошол кен байлыктарга көзүн арткан ар кандай күчтөр криминалдык топторду жалдап кеткен учурлар болгон”.

Ал эми Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Өмүрбек Суваналиев көмүскө иш болгон жерде криминалдык топтор сөзсүз болот деп эсептейт.

“Алтын, же башка кен байлыктар чыккан жерде киреше көп жашырылат. Кен казылган жердин көбүндө таза иштешпейт. Андай жерде сөзсүз криминал болот. Анан өзүлөрүнүн үлүшүн алат. Ишин жасайт. Ошол эле Казармандагы Макмалда алтын уурдамай башынан күч алган да. Ошон үчүн криминалдын уюгуна айланган. Таза иш жүрсө, андай жерге “каралар” барбайт. Мындай окуялар болбош үчүн системалык түрдө иштер жүрүш керек”, - деди Суваналиев.

Соңку жолу 2013-жылы "Уюшкан кылмыштуулукка каршы аракет жөнүндө" мыйзам кабыл алынган. Жаңы мыйзамда негизги аныктамалар менен түшүнүктөр кыйла кеңейген жана беренелердин саны 19дан 35ке чейин көбөйгөн. Маселен, милициянын "каралар" тууралуу ыкчам тизмеси, аны түзүүнүн жол-жобосу мыйзамдаштырылган.

Милициянын 2019-жылдын декабрындагы расмий маалыматына караганда, Камчы Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушевдин кылмыш тобунун 421 мүчөсү бар.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG