Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:04

Бишкектеги заманбап Перинаталдык борбордун курулушун немис өкмөтү каржылоодо


Германия өкмөтүнүн гранттык каражатына Бишкекте жаңы Перинаталдык борбор курулууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 11-июлда аталган мекеменин курулушу менен таанышып чыкканы, борбор дүйнөлүк стандарттарга ылайык заманбап медициналык жабдык менен камсыз болору, ал жерде кош бойлуу кезинде түрдүү патологияга туш болгон аялдар жана дарылоого муктаж ымыркайлар үчүн 100дөн ашуун орун ачылары кабарланды.

“Бул Перинаталдык борбордун курулушу Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражатынын эсебинен жүргүзүлүүдө. Борбор ушул жылдын аягына чейин ишке берилери пландалууда”, - деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Ушундай эле борборлор Ош жана Талас облустарында да курулары айтылды.

Германия өнүктүрүү банкы бул өлкөнүн Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү министрлигине караштуу мекеме. Ал немис өкмөтүнүн Германиянын өзүндө жана чет мамлекеттерде экономикалык, социалдык жана экологиялык шартты жакшыртуу долбоорлорун каржылайт.

XS
SM
MD
LG