Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:28

Чет жакка жумушка жөнөтүүчү агенттиктер эрежеси сентябрга чейин жаңыланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чет жакта жумушка орноштуруу менен алектенген жеке агенттиктердин ишин жөнгө салуучу Жобо сентябрь айына чейин жаңыланат. Бул тууралуу бүгүн 13-июлда “Азаттык” радиосуна Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун директору Алмаз Алыбаев билдирди.

Анын айтымында, жаңы Жобонун долбоорунун коомдук талкуусу жыйынтыкталды, эми андан кийинки иш-аракеттер жүрүп жатат:

“Укуктук-ченемдик актылар жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Экономика жана коммерция министрлигинен жөнгө салуучу таасирди талдоонун жыйынтыгын алдык. Өкмөттүн токтомунун долбоорун министрлик-мекемелерге беребиз, макулдашуу бүткөндөн кийин өзгөртүү-толуктоолорду кошуп кайра өкмөттүн кароосуна киргизебиз”.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин атынан жарыяланган бул долбоор кабыл алынса, ишке орноштуруучу агенттиктердин мамлекеттен уруксат алуусу, иш мөөнөтүн узартуусу, алардын ишмердигин токтотуу боюнча жол-жоболор конкреттештирилет, айрым нормалар толукталат. Мындан тышкары, агенттик жумушка орноштура турган адам менен түзгөн келишими, алар кандайча аткарылып жатканы тууралуу маалымат тийиштүү мекемеге ачык болушу үчүн атайын маалыматтык система түзүлөт.

Лицензия берүү менен бүгүнкү күндө министрликтин Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борбору алектенет. Анын директору Алмаз Алыбаевдин айтымында, Кыргызстанда мындай агенттиктердин саны 160тын тегерегинде, алар аркылуу 20 чакты өлкөгө барып иштөө мүмкүнчүлүгү бар. Уруксатсыз иштеп жаткан агенттиктер боюнча былтыр милицияга 35, быйыл алгачкы үч айда 28 материал жөнөтүлгөн.

Эл аралык валюта фондунун маалыматына караганда, Кыргызстанда соңку үч жылдан бери жумушсуздук деңгээли 9% болууда.

Жумуш издеп, сырт жакка чыгып жаткандардын көбү жаштар. Алардын арасында түрдүү жеке агенттиктерге алданып, мыйзамсыз миграцияга, кулчулукка кабылгандар бар. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG