Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:15

"Азаттык" эркиндик, адилеттик үчүн күрөшүн улантат


"Азаттыктын" эмгек жамааты Бишкектеги кеңседе. Февраль, 2023-жыл
"Азаттыктын" эмгек жамааты Бишкектеги кеңседе. Февраль, 2023-жыл

Соттордун алсыздыгы, жарандык коомдун күчтүү эрки

Былтыр октябрь айында биздин интернет сайтыбыз блоктолуп, ага удаа банк эсебибиз жабылып, Кыргыз радиосу, "Санжыра", НТС радио-телеканалдары биздин берүүлөрдү эскертүүсүз эле эфирге чыгарганды токтоткон. Андан бери адвокаттарыбыз улам бир сотко арыз жазып, эч майнап чыкпай, быйыл 27-апрелде Ленин райондук соту "Азаттык" үналгысынын Кыргызстандагы маалымат каражаты катары лицензиясы жокко чыгарылсын" деген чечим чыгарган.

Ушул окуялар маалында биз эркиндикти сүйгөн кыргыз коомчулугунун, жарандык активисттердин, журналисттердин, андан сырткары атактуу эл аралык уюмдардын, алдыңкы бир катар мамлекеттердин болуп көрбөгөндөй колдоосун сезип, көрүп турдук. Ошого шыктандык, күчтөнүп иштей бердик. Алар өз алдынча, же биргелешкен билдирүүлөрүн таратып, Кыргызстандын бийлигин демократия, анын башкы баалуулуктарынын бири - сөз эркиндигинин принциптерин бузбай, эл аралык милдеттенмелерди аткарууга үндөп келишти.

Сотко чейин сүйрөгөн талаштуу видео орус тилинде болгондуктан, ал "Азаттык" үналгысынын интернет ресурстарында жарыяланган эмес. Ошондуктан ал видео боюнча чечим, аракеттерге биз аралашкан жокпуз. Биз адвокаттарыбыз менен чогуу улам бир сотко катышып, ал программада эл аралык журналистиканын стандарттары, принциптери бузулбаганын кайталап келдик. Айрым жергиликтүү эксперттер анда керек болсо кыргыз тараптын айткан-дегени алда канча кеңири, ар тараптуу чагылдырылганын азыркыга чейин белгилеп жатышат.

Ишибиз азайган жок, жаңы форматтар кеңейди

Тогуз айдан бери соттон сотко сүйрөлүп, убакыт, ресурсубуз ошол жакка көп коросо да, биз мурдагыдай эле Кыргызстанда, дүйнөдө кандай окуялар болуп жатканын кечиктирбей чагылдырып, анализдеп, түшүндүрүп, эч бир платформада мазмун-материалдарыбыздын саны, көлөмү, интернет айдыңындагы аудиториябыз азайган жок, тескерисинче, көбөйүп гана отурду.

Ушул акыркы тогуз ай ичинде көп талкуу, коомдук кызыгуу жараткан бир нече чоң иликтөөнү, аналитикалык макалаларды жарыяладык.

Жума сайын социалдык медиа ресурстарда талаштуу, талылуу маселелер боюнча видео түшүндүрмөлөрдү кыргыз, орус тилдеринде жарыялай баштадык.

Акыркы тогуз ай ичинде бир нече кабарчыларыбыз 27 тилде иштеген биздин чоң медиа компаниянын сыйлык, дипломдорун алып, эң мыкты берүү даярдаганы үчүн алкыш сөздөргө татыды.

“Азаттыктын” 70 жылдык тарыхындагы татаал жол

Алгачкы жолу 1953-жылы “темир көшөгө” артында обого чыккан “Азаттык” радиосу ал кезде кылычы катуу репрессивдүү коммунисттик режимдерден далай куугунтук көргөн. Андан кийинки эгемендик жылдары да элдин башына түшкөн окуялардын капшабы бизди кыйгап өткөн жок .

Кыйынчылыктар Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбековдун тушунда да болуп келген, биздин берүүлөр радио, телеканалдар тарабынан токтотулуп, элге жетпей, сотторго чакыруу алып, Бишкектеги бюробуз жабылып калышы мүмкүн деген кооптуу кырдаал буга чейин далай жолу башыбыздан өттү.

"Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы - биздин менчик медиа уюмубуз эмес. Кыйын кырдаалдарда андан чыгуу жолдорун, келечекти аныктоо ишин мен же "Азаттык" үналгысынын башка жетекчилери чечпейт. Эл аралык медианын бир нече өлкөдө иштеген жетекчилери, тышкы байланыштар боюнча адистери, стратегиялык маселелерди караган бөлүмдөрү бар. Ошолор баарын колго алып, эл аралык коомчулук менен, анын ичинде Кыргызстан менен да алака-катышты жүргүзүшөт.

Биздин ишибиз - мурункудай эле эч кимге тартпай, эч кимден коркпой, Кыргызстандын, анда жашаган элдин кызыкчылыгында айлана-чөйрөдөгү бардык окуя, көрүнүштөрдү калыс, ыкчам чагылдырып, адам укуктары, эркиндиктери сакталып, адилет, акыйкат башкарууга элдин бардык катмарлары катышып үндөрү басмырланбай, өлкөдө кимдир бирөөнү кордоо, куугунтук, коррупция, кылмыштуулук фактылары болсо аларды ачык айыптап, демократиялуу өнүгүү жолун бекемдөөгө салым кошуу.

Акыркы тогуз айдай мезгил көргөзгөндөй, биздин ишибиз, миссиябыз, же озуйпабыз татаал, мындан ары да жеңил болбойт. Биз кыйынчылыктардан коркпойбуз, анткени ишибиз ак болсо, калың эл, коомчулук биз тарапта болоруна дагы бир жолу ишендик.

  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG