Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:28

Чаткалда төрт айылдын тургундары акимдин кызматтан кетишин талап кылышты


Чаткалда 12-июлда “Аташ-Чапкан” боюнча өткөн жыйын.
Чаткалда 12-июлда “Аташ-Чапкан” боюнча өткөн жыйын.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы төрт – Кара-Булак, Айгыр-Жал, Бел-Капчыгай жана Каныш-Кыя айылдарынын тургундары 14-июлда нааразылык акциясына чыгышты.

Алар Каныш-Кыядагы акимчилик алдына чогулуп, Чаткал районунун акими Алтынбек Сеңирбаевдин кызматтан кетишин талап кылышканын “Азаттыкка” жергиликтүү тургундар билдирди.

Алар “Аташ-Чапкан” компаниясынын райондо кен казышына каршы экенин, эгерде чалгындоо жана кен казуу иштери башталса, төрт айылдын айдоо жерлерине жана сууга зыяны тие турганын айтышууда.

Алтынбек Сеңирбаев “Аташ-Чапкан” ишканасы Түлөберди участкасынан 10 гектар жерди чалгындоо жана иштетүү үчүн лицензия алганын айтты. Айыл тургундары сугат суу маселесине байланыштуу нааразылык билдирип чыккандыктан “Аташ-Чапкан” ишин убактылуу токтотконун билдирди.

“Азаттык” буга чейин Чаткалдагы алтын казган “Эти Бакыр Терексай” жана “Вертекс Голд Компаниге” байланыштуу чыр-чатак, сын-доомат жана нааразылыктын чоо-жайын иликтеген.

Аталган райондо чачыранды алтын казып жаткан компаниялардын дээрлик баары пайдасынан, кирешесинен жана сатуудан салык төлөбөй турганын көрсөткөн. Анда лицензиялар колдон колго өткөн, айрым учурда ээси ким экени белгисиз учурлар бар экени аныкталган.

Чаткалда токой, тал-терек кыйылып, дарыя-суулардын нугу бузулгандыктан жана айлана-чөйрө кайра калыбына келтирилбегендиктен, чачыранды алтын казууга мораторий киргизүү талабы байма-бай көтөрүлүп келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG