Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:03

CPJ тажик бийлигин абактагы журналисттерди жана блогерлерди бошотууга чакырды


Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Тажикстандын бийлигин абактагы журналисттер менен блогерлерди бошотууга чакырды.

11-июлда жарык көргөн билдирүүдө бир канча адамдын, анын ичинде Далер Имомали, Абдулло Гурбати, Завкибек Саидамини жана башкалардын аты-жөндөрү келтирилген.

Соңку бир жыл ичинде Тажикстанда сегиз журналист жана блогер жетиден 21 жылган чейин экстремисттик уюмдар менен кызматташууга айыпталып кесилген. Сот жараяндарынын баары тергөө абагында жабык өткөн.

Айрымдар кыйноолорго чыдабай макул болгонун айтышууда.

Соңку бир жыл ичинде бир катар эл аралык уюмдар Дүйшөмбүнү адам укуктарын бузуп, сөз эркиндигин басмырлаганы үчүн кескин айыптап келет. Тажик бийлиги мындай сындарга үн ката элек.

Ушул айдын башында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери укук коргоочуларга, журналисттерге жана активисттерге чыгарылган сот өкүмү боюнча тынчыздануусун билдирип, "укук коргоочуларды экстермисттерге жана террорчуларга теңөө" абдан кооптуу экенин эскертишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG