Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Өкмөт “чет элдик өкүл” долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады


Министрлер кабинети жана президенттин администрациясы жайгашкан имарат.
Министрлер кабинети жана президенттин администрациясы жайгашкан имарат.

Министрлер кабинети “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча документке корутунду берип, долбоорду жеткире иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү тескемеси Юстиция министрлигинин сайтына чыкты.

Өкмөттүн корутундусунда мыйзам долбооруна “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” түшүнүгүн киргизүү зарылчылыгы түшүнүксүз экени жазылган. Азыр өкмөттүк эмес уюмдардын иши “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам менен жөнгө салынарын билдирип, долбоордун авторлоруна “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген терминди алып салуу сунушун берди.

Министрлер кабинети андан тышкары, документтеги “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдун жылдык бухгалтердик отчету милдеттүү аудиттен өтүүгө тийиш” деген талап аудитордук иш жана бухгалтердик эсеп жөнүндө мыйзамдарга каршы келерин эскертти.

“Мындан тышкары мурда коммерциялык эмес уюмдардын иши регламенттелген жана алардын иши боюнча мамлекеттик көзөмөл киргизилген ушул сыяктуу мыйзам долбоорлорун кароодо эл аралык өнөктөштөр тарабынан бул документ кабыл алынгандан кийин Кыргыз Республикасында “пайдасыз адамдарды” жана коммерциялык эмес уюмдарды саясий куугунтуктоо башталат деген кооптонуулар билдирилгенин белгилей кетүү зарыл. Бул контекстте мындай сценарий кайталанган учурда, Кыргыз Республикасынын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөлүгүн эске алуу менен, эл аралык өнөктөштөр тарабынан, анын ичинде эл аралык аянтчаларда Кыргыз Республикасына карата саясий басым күчөшү мүмкүн экендигин белгилей кетүү керек”, - деп айтылат тескемеде.

Корутундуну Юстиция министрлиги, Тышкы иштер министрлиги (ТИМ), Экономика жана коммерция министрлиги, Финансы министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги жана башка мекемелер чыгарган. Өкмөт мыйзам долбоорун колдой турганын, бирок аны иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке кийин 32 депутат демилгечи болуп кошулган.

Бирок алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышкан.

“Адилет” укуктук клиникасы “чет өлкөлүк өкүл” мыйзам долбоорун талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG