Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:11

Тоолуу Карабакта миңдеген киши нааразылык акциясына чыкты


Жикчил Тоолу Карабак аймагынын баш калаасы Степанакерт шаарынын борбордук аянтына чогулган адамдар. 14-июль, 2023-жыл.
Жикчил Тоолу Карабак аймагынын баш калаасы Степанакерт шаарынын борбордук аянтына чогулган адамдар. 14-июль, 2023-жыл.

14-июлда жикчил Тоолуу Карабак аймагынын борбору Степанакерт шаарында алты миңдей киши Лачын коридорун Азербайжандын жаап салышына нааразылык билдирип чыгышты. Бул коридор Арменияны Тоолуу Карабак менен байланыштырган жалгыз жол.

Азербайжандын Мамлекеттик чек ара кызматы 11-июлда Лачын коридору убактылуу жабылганын, буга Армениядан бараткан Кызыл чырым эл аралык уюмунун автоунаасында "ар кандай мыйзамсыз буюм-тайымдардын аныкталышы" себеп болгонун билдирген.

14-июлда өкмөт жыйынында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Лачын коридорунун жабылышын айыптап, Эл аралык соттун чечимине каршы келерин билдирди. Аталган сот февралда Баку Лачын коридору аркылуу эркин каттамды камсыздашы керек деген чечим чыгарган.

Пашинян эл аралык коомчулукту армян тектүү калк отурукташкан аймакты блоктоого каршы турууда бир болууга чакырды.

Эл аралык Кызыл чырым комитети Азербайжандын аткезчилик тууралуу дооматтарын четке кагып, буга чейин уюмда иштеп кеткен айрым айдоочулар Кызыл чырымдын эн белгиси жабыштырылган автоунааларда айрым товарларды алып өтүүгө аракет көргөнүн, бирок ал адамдар мурда эле иштен кеткенин түшүндүрдү.

15-июлда Армения менен Азербайжандын лидерлери Брюсселде Еврокеңештин президенти Шарль Мишелдин катышуусунда сүйлөшүү өткөрө турганын кабарланган.

Армениянын Коргоо министрлиги 13-июлда билдиргендей, азери аскерлери Жогорку Шоржа тилкесиндеги армян жоокерлеринин турумдарын аткылаган. Расмий Баку бул маалыматка комментарий берген жок.

Соңку бир айдан бери Азербайжандын Коргоо министрлиги Армениянын Куралдуу күчтөрүн жана Тоолуу Карабактын жикчил армиясын ок атышууну токтотуу режимин бузганы үчүн айыптап келет. Ереван бул дооматтарды четке кагып, тескерисинче азери аскерлерин күнөөлөйт.

2020-жылдагы алты аптага созулган согушта Армения төрт миңдей, ал эми Азербайжан үч миңдей жаранын жоготкону кабарланган.

Эл аралык мыйзамдарда Тоолуу Карабак Азербайжандын аймагы болуп эсептелет. Ал жакта 100 миңдей этностук армян отурукташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG