Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Токаев киши колдуу болгон беш жашар кыздын окуясын тыкыр иликтөөнү тапшырды


Түркстан облусунун Жибек Жолу айылындагы беш жашар кыздын сөөгүн жерге берүү үчүн чогулган жергиликтүү тургундар. 14-июль, 2023-жыл. Казакстан.
Түркстан облусунун Жибек Жолу айылындагы беш жашар кыздын сөөгүн жерге берүү үчүн чогулган жергиликтүү тургундар. 14-июль, 2023-жыл. Казакстан.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев адамга каршы өтө оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө чакырды.

Мамлекет башчы Башкы прокуратура менен Ички иштер министрлигине беш жаштагы кыз киши колдуу болгон окуяны тыкыр иликтөөнү тапшырганын Акордо билдирди:

"Маалыматка караганда, шектүү буга чейин адам өлтүрүүгө айыпталып, он жылга соттолгон. Быйыл атайылап бирөөнүн ден соолугуна залака келтиргени үчүн үч жылга эркинен шартуу ажыратылган. Мамлекет башчы бул жылкы өкүмдүн мыйзамдуулугун карап чыгып, адамга каршы өзгөчө оор кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүү маанилүү деп эсептейт"

13-июлда Сарыагаш райондук полиция бөлүмүнө Түркстан облусундагы Жибек Жолу айылынын тургуну 2018-жылы төрөлгөн кызы жоголгонун айтып, кайрылган.

14-июлда полиция зордук-зомбулуктан чарчап калган кыздын сөөгү айылдын жашоочуларынын биринин үйүнөн табылганын билдирген.

Үйдүн ээси шектүү катары кармалып, "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертиза дайындалды. Бул тууралуу Түркстан облустук полиция департаменти билдирди.

Маалыматка караганда, айылдыктар полициядан шектүүнү аларга өткөрүп берүүнү талап кылган. Тартип коргоочулар буга жол берген эмес, учурда айылда интернет өчүрүлдү. Өзбекстан менен чектешкен өткөрмө-көзөмөл бекет убактылуу жабылды.

XS
SM
MD
LG