Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:40

Селекция жана Арча-Бешик жаңы конуштарына таза суу кезек менен берилүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция, Сары-Өзөн жана Арча-Бешик конушуна таза суу кезек менен берилип жатат.

Бул тууралуу 15-июлда Орок айыл өкмөтүнүн башчысы Асылбек Адылбеков "Азаттыкка" билдирди.

"Азыр суу берилип жатат, учурда суу Селекция жана Салкын-Төргө суу кетип жатат, саат 16:00дө өчөт. Түнкү 11де Жал, Кашка-Баш, 105 айылдарына берилет. Кечээ Арча-Бешиктикин жапкан. Таза суу кезек менен берилет", - деди Адылбеков.

14-июнда Селекция айылынын жана Сары-Өзөн конушунун элүүдөй тургуну Бишкектин Жайыл баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүндө нааразылык акциясын өткөрүп, жолду бууганга аракет кылышкан.

Чогулгандар менен Сокулук районунун акими Илияз Ташкулов жана "Бишкек сууканалы" ишканасынын жетекчиси Таалайбек Орозов жолугуп, Селекция менен Арча-Бешикке суу бир күндөн кезек менен берилерин, эки жумада маселе толук чечилерин айткан.

Буга чейин Сокулуктун Бишкек менен чектеш Селекция жана Орок айылдарынын жана Арча-Бешик конушунун тургундары эки айдан бери суусу жок отурганы үчүн нааразылык билдирген.

3-июлда аталган айылдардын жашоочулары менен өкмөт башчы Акылбек Жапаров жолугуп, маселени чечүү жолдору бар экенин, бул багытта иш башталганын айткан.

Өткөн аптанын соңунда аталган айылдарга жана Арча-Бешик конушуна суу берилгени маалым болгон. Кыргызстанда быйыл катуу ысыктан улам шаарда ичүүчү, элетте сугат суу тартыштыгы жаралды. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG