Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:21

Бишкек мэриясы “Менин шаарым” тиркемеси ишке киргенин билдирди


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаардык мэриясы жарандардын кайрылуулары үчүн “Менин шаарым” мобилдик тиркемеси ишке киргизилгенин билдирди.

Бул автоматташтырылган система аркылуу шаардагы маселелер тууралуу арыз жөнөтүү оңой жана жөнөкөй экенин, жооп алуу кыйла тез болорун маалымдады.

"Кабыл алынган арыз дароо Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматына жөнөтүлөт жана арыз ээси арызынын аткарылышы тууралуу маалымат алуу, көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Арызга жооп үч күндүн ичинде берилет. Бул мобилдик тиркеменин жаңычылдыгынын бири - коомдук транспорттун (автобустар, троллейбустар жана маршруттук таксилер) кыймылы тууралуу реалдуу убакыт режиминде маалымат алуу болуп саналат",-деп жазылган мэрия тараткан маалыматта.

Соңку кездери Бишкекте негизинен таштандыга, коомдук транспортко, абанын булганышына жана конуштардагы инфраструктурага байланыштуу сын-доомат күчөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG