Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:38

Орус армиясы Белополье шаарын аткылаганда эки адам набыт болду


Белополье шаарында аткылоого туш болгон парк.
Белополье шаарында аткылоого туш болгон парк.

Орус аскерлери Украинанын Сумы облусундагы Белополье шаарын артиллериядан аткылаганда эки адам набыт болду. Бул тууралуу 17-июлда облустук аскер администрациясы билдирди.

Снаряд калаа борборундагы сейил бакка түшкөн. Ошондой эле административдик имаратка да тийип, талкалаган. Чабуул түшкү маал болгон.

Шаардын мэри Юрий Зарко ондогон адам жараат алганын, экөө оор абалда экенин билдирди. Арасында Өзгөчө кырдаалдар кызматынын өкүлдөрү бар.

"Кордон.Медіа" каналы Эки аял каза таап, алтоо жараат алганын жазды.

Бир ай мурун, 18-июнда орус армиясы Белополье шаарын артиллериялык куралдан аткылаганда бир киши жана анын төрт жашар уулу набыт болгон.

Орусия менен менен чектеш Сумы облусу дээрлик күн сайын чабуулга кабылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG