Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Жыргалбек Шакиев Бишкектеги Ленин районунун акими болуп дайындалды


Жыргалбек Шакиев.
Жыргалбек Шакиев.

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыровдун жарлыгы менен Жыргалбек Шакиев Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Буга чейинки аталган райондун акими Мураталы Тагаевдин кандай негизде иштен бошотулганы тууралуу маалымат берилген жок.

Жыргалбек Шакиев - Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууганы.

Буга чейин ал Чүй районунун акими болуп иштеп жаткан жана Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунда дагы аким болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG