Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

Израилде сот реформасына каршы чыккан 17 киши кармалды


Израилде сот реформасына каршы чыккан демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. 18-июль, 2023-жыл. Тель-Авив.
Израилде сот реформасына каршы чыккан демонстранттар менен полициянын кагылышуусу. 18-июль, 2023-жыл. Тель-Авив.

Израилде сот реформасына каршы уюштурулган демонстрацияларда 17 адам кармалды. Бул тууралуу The Times of Israel полицияга таянып жазды.

Баары коомдук тартипти бузду деген кине менен кармалышкан.

18-июль - «каршылык күнүндө» Израил боюнча түмөндөгөн адамдар чыгары күтүлүүдө. Ондогон шаарларда акциянын катышуучулары кан жолдорду тороп, кээ бир аймактарда полиция менен кагылышуулар катталды.

Нааразылык акциясына чыккандар күтүлүп жаткан сот реформасы өлкөгө экономикалык кедергисин тийгизерин айтышуда. Алар мындай өзгөрүүлөрдүн жыйынтыгында соттор көз карандысыздыгын жоготуп, өкмөттүн чечимдерин көзөмөлдөө кыйын болуп калат деп эсептешет. Бийлик мындай дооматтарды четке кагып келет. Израилдин өкмөт башчысы Биньямин Нетаньяху мыйзам долбоорун жакынкы жекшемби күнү парламент кабыл аларын билдирген. Буга чейин аскерлер да сот реформасына каршы чыгып, эгер ал кабыл алынса «демократиясыз Израилде» кызмат өтөөдөн баш тартарын айтышкан.

Израилде сот реформасына каршы митингдер быйыл жазда да болгон. 26-мартта көчөгө 600 миңдей киши чыккан. Көп жумушчулар иш ташташкан. Анда Нетаньяху мыйзам долбоорун кароо мөөнөтүн жайга жылдырууну чечкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG