Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

20-июлдун аба ырайы


Сары-Челек, Аксы району. Иллюстрациялык сүрөт.
Сары-Челек, Аксы району. Иллюстрациялык сүрөт.

20-июлда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй облусунун айрым жерлеринде, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлеринде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 30…35

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 19…24, күндүз 33…38

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 28…33 градус ысыйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23°, күндүз 33…35° ысык болот.

XS
SM
MD
LG