Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:06

Блогерге каршы арызданган дарыгерлердин укугун коргоого кесиптик кошуун да катышат


Ош. Төрөт үйү. Архивдик сүрөт.
Ош. Төрөт үйү. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Медицина кызматкерлеринин көз каранды эмес кесиптик кошууну Ош облустук төрөтканасындагы окуя боюнча териштирүүнүн калыс жүрүшүнө байкоо жүргүзүп, адвокаттык кызматын көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн 19-июлда “Азаттык” радиосуна кошуундун төрайымы Бермет Барыктабасова билдирди.

Ал төрөт үйү каалаган адам кирип-чыгып жүргүдөй коомдук жай эмес, мыйзамда жазылган талаптардын негизинде медициналык жардам көрсөтүлүүчү мекеме экенин эскертип, бардык мыйзамдар жана эрежелер дарыгерлер тарапта болорун белгиледи.

“Кимиси болбосун, Эсеп палатасыбы, каржылык мыйзам бузууларды текшерген мекемеби, жада калса прокурорлор да алдын ала уруксат кагазы менен келишет. Акыйкатчы жана Кыйноолорго каршы борбордун кызматкерлери гана расмий сурамдын негизинде каалаган убакта кире алышат. Алардан башка эч кимде андай укук жок”.

Барыктабасова арыз-даттануусу бар бейтаптар тийиштүү органдарга кайрылса болорун, ал эми төрөткана түрдүү инфекцияны алдын алуучу стерилдик талаптар коюлган жайлардын бири экенин айтып, дарыгерлердин ишине тоскоолдук жараткан блогер боюнча буга чейин алты кайрылуу түшкөнүн, ага каршы материалдар бир жылдан бери топтолуп келатканын, баары тийиштүү мекемелерге жөнөтүлөрүн кошумчалады.

12-июлда Улукбек Карыбек уулу аттуу блогер Ютуб каналга “Ош облустук оңолбос төрөт үйү” деген видео жарыяланган. Анда бейтаптардын дарыгерлер акча талап кылганын айтып берген маектери менен катар автордун жаңы көз жарган келиндер жаткан бөлүмгө, бөлмөлөргө кирип жүргөнүн көрүүгө болот.

10-июлда Ички иштер министрлиги Бишкектин Биринчи Май районунда Саламаттык сактоо министрлигинин имаратына кирип барып, коомдук тартипти бузган адам тууралуу маалымат түшкөнүн, ага карата “милициянын мыйзамдуу талабына баш ийбегендик” деген негизде протокол түзүлгөнүн маалымдаган.

7-июлда Ош шаардык милициясы төрөт үйүнүн дарыгерлеринен бирөөлөр арткы эшикти бузуп кирип, уруксатсыз видеого тартып, догдурлардын жумушуна тоскоолдук кылып жатканы, дээрлик 37 миң сомдук чыгым келтирилгени тууралуу маалымат түшкөнүн, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранышканын билдирген. Блогерге Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренесинин негизинде иш козголгон. 16-июлда Ош шаардык соту Карыбек уулунун кармалышын мыйзамдуу деп таап, тергөөчүнүн аны эки айга камоо тууралуу өтүнүчүн четке каккан жана блогерди эч жакка кетпөө жөнүндөгү тил каты менен бошоткон.

Карыбек уулу мыйзам бузбаганын жана бейбаштык кылбаганын билдирген видео тараткан. Ал өзү дагы видеоаппараттарын тартып алууга аракет кылган дарыгерлерге карата арыз жазганын, бирок ал каралбай жатканын айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG