Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

"Нелегал" операциясынан кийин 130 кыргызстандык депортация болду


Орусия, Москва. Тажикстандык мигранттарды кармоо учуру. Май, 2023-жыл
Орусия, Москва. Тажикстандык мигранттарды кармоо учуру. Май, 2023-жыл

Орусиядагы «Нелегал» операциясынан кийин Москва шаары жана Москва облусунан 130 кыргызстандык депортацияланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин консулу Манас Жолдошбеков 19-июлда билдирди.

"Операция негизинен Москвада, Санк-Петербургда болду. Москвадан жалпысынан 130 киши Кыргызстанга депортацияланды", - деди Манас Жолдошбеков.

Буга чейин Орусиянын Ички иштер министрлиги «Нелегал» рейдинен кийин жети миңдей мигрант депортацияланып, бир нече миң адамга каршы кылмыш иши козголгонун билдирген.

Кылмыш иштери негизинен маңзат жана психотроптук заттарды жүгүртүү, чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу.

Орус бийлиги операциянын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү жүргүзүлгөнүн билдирген. Мигранттар рейддер токтобой жатканын кабарлап жатышат.

Өзгөчө кысымга тажикстандык мигранттар кабылды.

Июндун соңунда Орусиядагы кыргызстандык мигранттардын кесиптик кошуунунун өкүлү Акбар Разыкулов полиция көчөдөн мигранттарды кармап, документтерин текшербей туруп, жапырт алып кетип жатканын билдирген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 24-июнда Москвадагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо борборунда кыргызстандык 130 мигрант кармалып турганын, элчилик аларга укуктук кеп-кеңештерди берип жатканын билдирген. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG