Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:13

Ислам өнүктүрүү банкынын эксперттери Кыргызстанга келет


 Президент Садыр Жапаров (оңдо) Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту. 19-июль, 2023
Президент Садыр Жапаров (оңдо) Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту. 19-июль, 2023

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жидда шаарында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер менен жолугушту.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, анда эки тараптуу кызматташтыктын орчундуу маселелери, Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү боюнча сөз болду.

Садыр Жапаров кыргыз тарап ИӨБ менен кызматташууга артыкчылык берерин белгилеп, 2023-2027-жылдарга карата Кызматташуу стратегиясын иштеп чыгуу жана тез арада кол коюу зарылдыгын айтты.

Ошондой эле 2022-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөн иш-чарада жетишилген турак жай куруу, энергетика, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана айыл чарба тармактарында инвестициялык долбоорлорду кароону тездетүү маселесин козгоду. Анын ичинде “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасы жана "Корумдудан Балбай баатырга чейин 104-184,5 чакырымдык Ысык-Көл айланма жолун реконструкциялоо" долбоорлорун каржылоого өзгөчө көңүл бурулду.

Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммед бин Сулейман Аль-Жассер эки тараптуу мамилелерди чыңдоого даярдыгын баса белгилеп, аталган долбоорлордун жүрүшүнө өзү көз салып турарын айтты. Анын маалыматы боюнча, быйыл 24-28-июль күндөрү Кыргызстанга ИӨБ эксперттик миссиясы жиберилет, алар кыргыз тарап менен жогоруда белгиленген долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулайт.

Президент Садыр Жапаров 19-июлда Сауд Арабиясына иш сапар менен барды. Сапар алкагында ал “Борбор Азия - Булуңдагы араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңеши” аттуу биринчи cаммитке катышат.

Анда лидерлер саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда аймактар аралык кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG