Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:50

Дан келишими: Кремлдин кадамынын кесепети оор болот


Киев дан келишимин Орусиясыз улантууну сунуштады
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:53 0:00

Киев дан келишимин Орусиясыз улантууну сунуштады

Орусия Кара деңиз дан келишимин токтотконун жарыялагандан бир күн өтпөй Украинанын портторуна сокку урду.

Европа жана АКШ Москванын чечими “азык-түлүк коопсуздугун начарлатып, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон аялуу катмарга зыяны тиерин” эскертип, чечимди жокко чыгарууга үндөдү. Киев бул келишимди Орусиясыз эле ишке ашырууга чакырууда.

Москванын шарты

Кремль Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотконун 17-июлда жарыялап, Москванын талаптары аткарылса гана аны улантууга даярдыгын билдирген.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин Украинадагы кырдаалды талкуулаган жыйынында көпчүлүк өлкөлөр Орусияны дан келишимин кайра колго алууга үндөштү.

Украина менен Орусия дан азыктарын эң ири экспорттоочу өлкөлөрдүн катарына кирет. Келишимдин токтотулушу дүйнөдө азык-түлүктүн кымбатташына алып келиши мүмкүн. CNN телеканалы шейшембиде дүйнөлүк чийки зат базарында буудай менен жүгөрүнүн баасы кымбаттай баштаганын маалымдады.

Орусия былтыр февралда Украинага кол салгандан кийин украин бийлиги өлкөдө өндүрүлгөн азык-түлүктү деңиз аркылуу мурдагыдай экспорттой албай калып, кризис жаралган. Июлда БУУнун жана Түркиянын ортомчулугу менен Орусия “дан келишимине” макул болуп, жолдорун ачып берген эле. Анын шарттарынын бирине ылайык, Орусия дан ташып бараткан кемелердин коопсуздугун камсыз кылууга макул болгон.

Кара деңиздеги дан жүктөлгөн украин кемелери. Түркия (архивдик сүрөт)
Кара деңиздеги дан жүктөлгөн украин кемелери. Түркия (архивдик сүрөт)

Стамбулда кол коюлган келишимдин мөөнөтү үч жолу узартылган. Андан бери Украинадан 33 миллион тоннага жакын буудай жана башка айыл чарба азыктары бир катар мамлекеттерге экспорттолду. Акыркы кеме 16-июлда жолго чыккан.

Орусия 17-июлда дан келишиминен чыкканын жарыялап, буга Москва койгон айрым талаптар аткарылбай жатканын жүйө келтирди.

"Дан келишими токтоп калды. Орусия койгон шарттар аткарылар замат орус тарап бул келишимди дароо улантат", - деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Москва койгон шарттардын бири - "Россельхозбанкты" SWIFT эл аралык банктык төлөм системасына кайра кошуу. Орусия ошондой эле Украина аркылуу Европага тоскоолдуксуз аммиак жеткирүүнү талап кылууда.

Батыш айыптаган чечим

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Москванын Кара деңиз портторунан украин данын экспорттоого шарт түзгөн келишимди токтотуп жатканын айыптады. Ал Евробиримдик дүйнө калкынын аялуу катмарын азык-түлүк менен камсыздоо багытындагы аракеттерин уланта берерин билдирди.

Британия орус бийлигинин чечимин “мыйзамсыз согушунун алкагында калктын аялуу катмарына зыян келтирүүнүн ачыктан ачык аракети” деп атады.

Энтони Блинкен
Энтони Блинкен

АКШнын Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен Москваны келишимди мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүүгө чакырды:

“Орусиянын бүгүнкү кадамы, анын азык-түлүктү куралга айлантуу жана аны курал катары өзүнүн Украинадагы согушунда колдонуу аракети тамак-ашка абдан муктаж жерлерде абалды оорлотот. Муну мүмкүн болушунча тезирээк калыбына келтирүү зарыл. Жагдайга ар бир өлкө кылдат көз салып турат деген үмүттөмүн”.

Туркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган Орусия менен бул маселеде сүйлөшүү ниети бар экенин, ал жөнгө салынарына үмүт артарын белгиледи.

Украинанын президенти Владимир Зеленский дан келишимин Орусиясыз эле уланта берүүгө үндөдү. Анын айтымында, БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен азык-түлүк коопсуздугун калыбына келтирүү, дан азыктарын Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгаруу жаатында жоопкерчиликтүү мамлекеттер менен иштөө тууралуу макулдашылды.

Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

"Мен президент Эрдоганга жана БУУнун Башкы катчысы Гутеррешке Кара деңиз дан келишимин үч тараптуу форматта узартуу сунушу менен расмий кат жөнөттүм. Анткени ал эң ишенимдүү вариант. Украина, БУУ жана Түркия биргелешип азык-түлүк коридорунун иштешин жана кемелерди көзөмөлдөй алат. Бул бүткүл дүйнө үчүн зарыл. Муну колдогон ар бир адам Мароккодон Кытайга, Индонезиядан Ливанга чейин кең аймактын куткаруучусу болуп калат", - деди украин лидери.

Киевдин маалыматына караганда, бул багытта эки келишим бар, биринчисине Украина, Түркия жана БУУ, экинчисине Орусия, Түркия жана БУУ кирет.

Орусиянын азык-түлүк жана жер семирткич экспорту Украинага ачкан согуштан улам эл аралык санкцияга кабылган.

Портторго чабуул

Дан келишимин токтоткондон бир күн өтпөй, 18-июлга караган түнү орусиялык армия Украинанын Николаев жана Одесса портторуна сокку урду.

Украин армиясы Одессага Кара деңизден алты "Калибр” ракетасы атылып, бардыгы атып түшүрүлгөнүн, жарылуунун эпкини порттун инфратүзүмүнө жана бир нече турак жайга зыян келтиргенин билдирди. Николаев облусунда орусиялык төрт дрон атып түшүрүлгөнү маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлиги аннексияланган Крымга түн ичинде ондон ашуун дрон чабуул койгонун, алар атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Согушуп жаткан тараптардын айткандарын ыкчам тастыктоо кыйын.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG