Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Казакстандагы “орус дүйнөсү”. Крымдын тагдырын эске салган маанай


Учурда Түндүк Казакстандын бөлүнүү коркунучу канчалык реалдуу жана ал жакта жикчил маанай чын эле күчтүүбү?

“Настоящее время” каналынын кабарчысы Тимур Ермашев Казакстандын түндүгүн кыдырганда жергиликтүү тургундар менен маектешип, ал жерде Орусияны жактаган жикчил идеялар канчалык тамыр жайганын билүүгө аракет кылды.

Түндүк Казакстан Крымдын тагдырын кайталап каларын Казакстандан тышкары жашаган кишилер биле бербейт. 60-жылдардын башында Никита Хрущев Казакстандын беш облусун камтыган "Дың жерлердин аймагын түзүү" идеясын көтөргөн. Ага ылайык, аталган аймак РСФСРдин курамына өтүшү керек эле.

Бирок буга ошол кездеги Казак ССР министрлер советинин төрагасы Жумабек Ташенов макул болгон эмес. Ал мындай демилгеге ачыктан-ачык каршы чыгып, аягында өз кызматынан кол жууган, бирок максатына жетишип дың жерлер Казакстандын ээлигинде калган.

Учурда Түндүк Казакстандын бөлүнүп кетүү коркунучу канчалык реалдуу жана аймакта жикчилдик маанай чын эле күчтүүбү? Мындай маанайдын экономикалык да, социалдык да себептери бар.

Петропавловскиде эле эмес, Түндүк Казакстандын башка шаарларында да калктын басымдуу бөлүгүн этникалык орустар түзөт, алардын арасында "орус дүйнөсү" деп аталган түшүнүктү колдоочулар көп. Алар орусиялык телеберүүлөрдү көрөт, орусиялык социалдык тармактарда баарлашат жана көбүнүн колунда орус паспорту да бар. Паспорт аларга Орусиядан пенсия алууга мүмкүнчүлүк берет.

"Орус дүйнөсүн" жактагандар арасында СССРди эңсегендер жана Түндүк Казакстандын көптөгөн шаарлары менен айылдары экономикалык өнүгүү жагынан өлкөнүн түштүгүнөн артта калып жатканына нааразылар аз эмес.

2023-жылы апрель айында Петропавловск шаарындагы коллеждердин биринде тартылган видео интернетте уу-дуу жаратты. Анда өздөрүн кайсы бир "Эмгекчилер элдик кеңешинин" мүчөсү деп атаган жыйырма чакты адам Казак ССРинин 1937-жылдагы Конституциясынын негизинде Казакстандан бөлүнүп чыгууну каалай турганын билдиришкен.

Видео дароо интернетке тарап, карапайым казакстандыктар арасында да, мамлекеттик түзүмдөрдө да катуу реакция жараткан. Видеонун катышуучуларына Казакстандын Башкы прокуратурасы менен Улуттук коопсуздук комитети дароо көңүл бурган. Түндүк Казакстан облусунун полиция департаменти да “Элдик кеңешти” текшере баштаган.

Казакстанда жикчилдикке ачык чакырган мындай чуулуу окуя коомчулукка кеңири жарыя болду. Бирок бул биринчи жолу эмес эле. Июнь айында Казакстандын түндүгүндөгү Уральск соту кастыкты козуткан жана жикчилдик ишмердүүлүккө үндөгөн деген айып менен Денис Рудных жана Кристина Кольченкого өкүм чыгарган.

Буга Рудных менен Кольченконун Казакстанда “атайын аскерий операция” (Орусия Украинага каршы согушту ушундай атайт – ред.) боло турган болсо, Орусияны колдоп чыгышарын ChatRoulette сайтында айтканы негиз болгон. Рудных “Уральск да Павлодар, Өскемен (Усть-Каменогорск), Семей сыяктуу эле орустун шаары болуп келген” деп айтса, Кольченко: “Бизди өзүңө кошуп ал!” деп Орусияга кайрылган.

Ушул эле айда Петропавловскинин дагы бир тургуну жикчилдик боюнча соттолгон. Буга да анын ChatRoulette сайтындагы билдирүүлөрү себеп болгон.

ШААРЛАР ЖАНА АЙМАКТАР

Петропавловск – Казакстандагы казактар аз жашаган жалгыз облус борбору. Бул жерде казак улутундагылар 33 пайызды түзсө, орустардын үлүшү 53 пайыздан ашуун.

Жергиликтүү бийлик эки элдин ынтымагын ар тараптан колдоп келет. Буга Пушкин менен Абай Кунанбаевдин бир секиде турган барандуу эстелиги ачык мисал. Айта кетсек, эки акындын тең бири-бирине да, аталган шаарга да эч кандай тиешеси жок.

Түндүк Казакстандын калкынын басымдуу бөлүгүн орус улутундагылар түзгөнү акыркы жылдарда Кремлдин үгүтчүлөрүнө чоң шылтоо болуп келет. Коңшу өлкөнүн түндүк аймактары тууралуу Москванын дооматтары федералдык телеканалдардын эфиринде бир нече жолу айтылды.

Ар кандай саясий ток-шоулардын коноктору, анын ичинде өзүн “саясат таануучу” деп атаган маргиналдар да, Мамлекеттик Думанын депутаттары да Казакстанда “улутчулдук” күчөгөнүн жана бул өлкөнүн орус тилдүү калкын коргоо зарыл экенин байма-бай эскертип келет.

Кремль кол салуу чечимин кабыл алганга чейин орусиялык телеканалдарда бир канча жыл бою Украина тууралуу да ушундай сөздөр айтылган.

Петропавловскинин айрым тургундары Казакстандагы орус тилдүүлөрдү коргоо идеясын ачык колдоп, Орусияга кошулгусу келерин жашырбайт.

"Биз жакынкы келечекте Орусия болобуз!" – деп өз ойлорун ишенимдүү түрдө билдиришет. "Сиз "орус дүйнөсүн" күтүп жатасызбы?"деген суроого "ооба" деп баш ийкешет алар.

Түндүк Казакстан облусундагы Чистое айылы Орусия менен чектеш, экөөнүн ортосун болгону үч чакырым бөлүп турат. Айылда казак телеканалдары дээрлик тартпайт, жашоочулар орус телеканалдарын гана көрүшөт.

“Бизде баары Орусия. Орусиянын бүт каналдары көрсөтөт. Казакстандыкы дээрлик жок”, – дейт айыл тургуну Валентина Рябицкая.

Валентина жолдошу Анатолий экөө бир кездеги гүлдөп турган айылдын акыркы тургундарынан.

Илгери, СССР убагында бул жерде чоң колхоз болгон, бирок бүгүнкү күндө Чистоеде негизинен кары-картаңдар гана калган. Эмгекке жарамдуу калк жана жаштар Орусияга же Казакстандын ири шаарларына оогон.

Жергиликтүү мектептин имараты бир нече жылдан бери бош турат. Айылда калган анча-мынча окуучулар кошуна айылга каттап окууга аргасыз. Минтип жок болуп бараткан айылдар Түндүк Казакстанда жүздөп саналат.

“Бул жерде эң бай совхоз бар эле. Жолдор текши асфальтталып турчу. Эми баары урандыга айланды, – деди Анатолий Рябицкий. – Мурда эки сүт ташуучу машинеге толгудай сүт тапшырып турчубуз! Совхоз бай эле. Союздун кулашы менен адамдардын көбү Омскиге, Челябинскиге кетип калышты".

Рябицкий орус каналдарынын берүүлөрүн үзбөй көрөт. Ал Орусиянын Украинага кол салганын колдойт, украин бийлигин “террорчу” жана “мыкаачы” деп атайт.

Валентина менен Анатолийдин балдары да Петропавловскиде жашайт. Алар ата-энелерин алып кетүүгө көп жолу аракет кылган. Бирок улгайган жубайлар айылын таштап кеткиси келбейт.

Петропавловскинин көптөгөн тургундары үчүн учурдагы эң талылуу маселе – шаардын атын казакчага өзгөртүү. Муну негизинен казак коомчулугунун өкүлдөрү жактайт. Алар Петропавловск шаары жергиликтүү эл Кызыл-Жар деп атаган жерге курулганын эске салат. Орус тилдүү тургундар шаардын аталышын өзгөртүүгө каршы.

“2010-жылы Петропавловск шаарынын атын өзгөртүү маселеси биринчи жолу республикалык деңгээлде көтөрүлүп, парламентте талкууланган. Тарыхый аталышты кайра ордуна коюу үчүн жергиликтүү тургундар кол да топтогон, – дейт жергиликтүү коомдук ишмер жана журналист Омир Ескали. – Бирок азыркы саясий кырдаалда бул мүмкүн эмес деп ойлойм. Биз, казактар азбыз. Эгер азыр референдум өтсө, утулабыз”.

Совет бийлигинин жылдарында “дың жерлерди өздөштүрүү” жана көптөгөн тоо-кен ишканаларында иштөө үчүн Түндүк Казакстанга жүз миңдеген орус тилдүүлөр келген. СССРдин кыйрашы бул адамдардын көбү үчүн чыныгы апаат болгон. Анткени алардын “кичи мекени” толугу менен Орусияга баш ийбей калды. Бул бүткүл республиканы нан менен камсыз кылган совхоздордун жапырт бүлүнүшүнө алып келди.

90-жылдардын башынан тартып эл Түндүк Казакстандан жапырт кете баштаган. Сүргүнгө айдалгандардын урпактары: немистер Германияга, орус тилдүүлөр Орусияга жер которуп, ал эми казактар шаарларга оогон. Бүгүнкү күндө Түндүк Казакстандын көптөгөн айылдарында иштей турган киши жок. Жаштардын көбү мектепти аяктагандан кийин дароо Орусиянын жогорку окуу жайларына тапшыруу үчүн кетип, көбү кайра келбейт. Казакстандын бул аймагында көбүнчө улуу муундагы кишилер калганын көрүүгө болот.

Малаев Серик – Түндүк Казакстан облусунун Ковыльное айылындагы "Акселеу" чарбасынын деректири.

“Бул чарбадан 110 үй-бүлө Германияга кетти. Бизде немистер көп жашачу. Өтө кыйын болду. Айрыкча 2000-жылдардын башында абдан кыйналдык. Механизаторлор, керектүү адистер, мугалимдер, МТС жумушчулары жетишсиз болчу. Бул маселелерди иштеген бөлүмдөрү жабылып, жумушсуз калган адистерди чакыруу менен чечтик. Аларды бул жакка өзүм чакырдым, батир менен камсыз кылдым”.

90-жылдары Ковыльныйдын калкы да кыйла азайган, бирок айыл өз жашоосун улантууда. Күндүз бул жерден бекерчилерди кезиктирбейсиң: ар ким өз жумушу менен алек, жашоо деңгээли дээрлик шаардагыдай. Ковыльныйдагы үйлөрдүн көпчүлүгүндө жылуулук тутуму борборго туташтырылган, канализация иштейт, муздак жана ысык суу бар. Мектеп окуучулары чарбанын эсебинен тамактанат, ал эми келген адистер жаңы үй менен камсыздалат. Бул үчүн алар азыраак акы төлөшөт.

Айылда соода борбору, өзүнүн наабайканасы, атүгүл фитнес борбору да бар. Бирок Түндүк Казакстанда мындай айылдар аз.

“Бардык шарттар түзүлгөн. Жумуш орундары жетиштүү, социалдык чөйрө жакшы, – дейт Серик Малаев. – Биз комплекстүү мамиле жасайбыз. Мисалы, мектеп биздики эмес дебейбиз. Ооба, бул билим берүү тутуму, бирок биз аларды өз кишилер деп эсептейбиз! Биз баарына шарт түзүп беребиз. Баарына бирдей адамгерчиликтүү мамиле болгондо гана алар мында жашап калат, иштейт дагы”.

Түндүк Казакстан облусунда акыркы мезгилге чейин миграциянын терс сальдосу сакталып келди: анткени СССР тарагандан кийин бул аймактын калкы дээрлик эки эсеге кыскарган. Калктын көчүп кетиши республиканын жогорку бийлигин тынчсыздандырып, 2017-жылы калк жыш жайгашкан түштүктөн эл өлкөнүн түндүгүнө чакырыла баштаган. Бирок көчүрүү программасынын катышуучуларынын баарына эле жергиликтүү климат жана жашоо-шарт жага берген жок: көчүп келген 11 миң кишиден 3 миңи кайтып кеткен.

“Кайтып кетүүгө ар кандай себептер болду. Үй-бүлөлүк себептер дагы бар, климаттын туура келбегени да бар, – деп түшүндүрдү Түндүк Казакстан облусунун калкты иш менен камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Ринат Елжасов (Петропавловск). –

Программаны ишке ашырып жатканда алты айга, бир жылга түзүлгөн социалдык келишим бар болчу. Азыр беш жылга түзүлөт. Социалдык келишимдин мөөнөтү бүткөндөн кийин бул кишилердин кетүүгө мүмкүнчүлүгү болот, кетип жаткандар да бар”.

Сауле Төлөгөнова "түштүктөн түндүккө жер которгонума өкүнбөдүм" дейт. Бул келин эки жыл мурда Жамбыл облусунан Ковыльное айылына күйөөсү жана төрт баласы менен көчүп келген. Азыр наабайканада иштейт. Эки уулу жана күйөөсү дыйкан чарбага жумушка орношкон. Жашап жаткан турак жай үчүн үй-бүлө айына 20 доллардан бир аз көбүрөөк төлөйт.

“Бул программа тууралуу сыналгыдагы жаңылыктардан билдик. Барып көрүүнү чечтик. Анткени бул дагы биздин жер. Биз Түндүк Казакстан облусунун бир нече айылын кыдырдык. Албетте, алардын көбү кейиштүү абалда. Ал эми бул жер биз үчүн ылайыктуу экен, – деди Сауле Төлөгөнова. - Бардык шарттар түзүлгөн, жергиликтүү эл меймандос. Албетте, орус тилин начар билгендиктен кыйналып жатам, бирок буга баары түшүнүү менен мамиле кылышат”.

Түндүк Казакстандын бийлиги 2022-жылдын февралында Кремль баштаган Украинадагы согуш, өзгөчө былтыр сентябрда башталган мобилизация гана калктын Орусияга жапырт кетүүсүн токтото алганын айтууда. Ал казак паспортун орус паспортуна алмаштыргандардын көбүн Казакстанга кайтып келүүгө мажбурлаган. Түндүк Казакстанга согушууну каалабаган башка орустар да келишүүдө.

Алардын бири – петербургдук Станислав Курганский, ал Петропавловск шаарында бир жылдан бери жашайт.

"Маданий чөйрө жакын болгондуктан көчүп келдим" деген Станислав Кремлдин режимине дайыма оппозиция болуп келген жана Украинага жасалган аскерий баскынчылыкты дароо айыптаган. Ал Казакстанда жүргөндө өзүнө эч ким орой мамиле кылбаганын айтты:

“Орусияда журналистикага, саясатка катышы бар элиталык чөйрө абдан өзгөргөн, кээде адамга кас, карөзгөй билдирүүлөрдү жасап турат. Алар өзөктүк курал, ушуга окшогон дагы башка нерселер менен коркутуп жатышат", – дейт Курганский Орусиянын акыркы жылдары кандай өзгөргөнү тууралуу сөз кылып.

Түндүк Казакстан облусундагы этникалык орустар менен украиндердин көпчүлүгү – дың жерлерди өздөштүрүүчүлөрдүн же сүргүнгө айдалгандардын балдары, же падышалык Орусиянын империялык саясатын жүзөгө ашыруу үчүн казак талааларына жөнөтүлгөн алгачкы колонизаторлордун, дондук жана уралдык казактардын урпактары. Петропавловск колониализмдин анык мисалы экенин айта кетели.

Ыйык Петр менен Павелдин ысымы ыйгарылган чеп Орто жүздүн султаны Абылайдын өтүнүчү менен курулган. Кийин ал бүткүл казактын ханы болуп, мамлекетти бириктирген инсан катары тарыхта калган.

“Султан Абылай орус империясы менен Казакстандын ортосундагы өз ара алака-катыштын стратегиялык багыты товар алмашуу болот деп мурда эле болжолдогон, – дейт тарых илимдеринин кандидаты Зауре Картова (Петропавловск). – Демек, бул жерлерди Петр-Павел чебин курууга берүү менен биз, казактар, түндүк чек араларыбызды гана эмес, Орусия империясы менен жакшы кошуналык мамилени да бекемдегенбиз. Андан тышкары, Орусия менен Казакстан бул жерде товар алмашуу иштерин уюштура алган”.

Бирок бул аймакта жашаган Орто жүз урууларына алардын көп кылымдык көчмөн кошуундарында капысынан орус чеби пайда болуп, талааны көздөй мылтык, замбирек мээлеп турганы жаккан эмес.

“1752-жылдын октябрына карата чептин дубалдары негизинен үч жарым метр бийиктикте, эндүү курулган. Алар жазайыл мылтыктары менен жабдылган. Төрт тарабында үч кабат байкоо мунаралары курулуп, аларда жоокерлер күнү-түнү күзөттө турушкан, – дейт Петропавловскидеги край таануу музейинин кызматкери Татьяна Ланьщикова. – Чептин дарбазалары да чоң болуп, төрт тарапка ачылган. Күн сайын таң заарда талаага күзөтчүлөр аттанып чыккан. Алар күнү-түнү талаага байкоо салып турушкан”.

Бүгүнкү күнгө чейин сакталып келген документтерден жергиликтүү уруулар колонизаторлор менен тез-тез кагылышып турган деген жыйынтыкка келүүгө болот. Буга чептин тургундарынын жергиликтүү аялдарды уурдап кеткени же өнөр жайлык масштабдагы шарап өндүрүшү же дагы башка себептер түрткү болгон. Мындан тышкары, чек ара күзөтү тез эле дыйкандардын конушуна айланып, ал жерлерге орусиялыктар отурукташа баштаган. Мунун баары көчмөндөрдүн жерин тарыткан.

Тарыхчылардын айтымында, ошол мезгилде өзүн көрүнүктүү саясатчы катары көрсөтө алган ошол эле Абылайдын кийлигишүүсү менен кан төгүлбөй калган.

“Жергиликтүү калк менен орус букараларынын, орус келгиндеринин ортосунда ушундай тымызын чыр-чатактар болгон. Ал эми 1771-1781-жылдары үч жүздү (казак уруулары) тең башкарган Абылай хандын саясатынын аркасында гана жалпы мунасага келүүгө мүмкүн болду, – дейт Зауре Картова. — Ал эми Петропавловск кийин чеп катары маанисин жоготуп, ири соода шаарына айланды жана аймактын экономикалык өнүгүүсүнө кайсы бир даражада өбөлгө түзө баштады”.

Республиканын бардык башка аймагындай эле бүгүн да Түндүк Казакстанда орус тилдүү калкты басынтып, кысынтуу маселеси жок. Маселен, Петропавловск калаасында 31 мектепте сабактар орус тилинде окутулса, казак тилинде алты мектеп гана окутат. Бардык мамлекеттик органдарга кайрылуулар орус тилинде да, казак тилинде да кабыл алынат. Сейрек учурларды эске албаганда, этникалык орустар мамлекеттик тилди үйрөнүүгө умтулушпайт.

“Бизде казактар жана орустардын эле эмес, Казакстанда жашаган бардык башка улуттардын да ортосунда талаша турган эч нерсе жок, – дейт “Сибирь казактарынын боордоштугу” (Петропавловск) аксакалдар бирлигинин төрагасы Валерий Ильин. (Петропавловск). – Эч ким эч кимден эч нерсени тартып алган эмес жана тартып да албайт! Алматыда да, Петропавловскиде да, Жамбылда да, Көкчө-Тоодо да! Баары ойдогудай жашайт. Бирок чыр чыгаруу үчүн ушундай чагымчылык кылгандар бар”.

Ильин — түптүү казак-орус. Анын ата-бабалары бир кезде Акмоло чебин түптөгөн, анын ордунда азыр Казакстандын борбору жайгашкан. Ал Владимир Путинди ачык айыптап, анын Украинанын чыгышындагы орустарды коргоо зарылчылыгы жөнүндөгү билдирүүлөрүн эки жүздүүлүк деп эсептейт.

“Бул эң жаман жосун – Украинадагы жаңжал азыр баардыгын ачык көрсөттү. Кайда, кимге барышыбыз керек? Ошолоргобу? Кремлде отурган ууруларгабы? – дейт ал. – Алар бирөөнү коргомок беле? Алар ошол эле орустарды жана орус эместерди Донецкиде же Луганскиде кантип коргой тургандыгын иш жүзүндө көрсөтүшпөдүбү! Ал эми азыр өлгөндөрдүн саны жүз миңге жетип калды!”.

Ильин эле эмес, Түндүк Казакстан облусундагы орус бирикмелеринин өкүлдөрүнүн көбү Кремлдин азыркы агрессивдүү саясатын колдобойт, алар жикчилдикке каршы.

Елена Семидоцких – Түндүк Казакстан облусундагы орус жамаатынын башчысы. Түндүк Казакстан облусунда орус улутунун бир нече мындай бирикмелери бар. Елена Петропавловск шаарында туулуп-өскөн жана көптөгөн теңтуштарынан айырмаланып, Орусияга кетүүнү каалаган эмес. Ал да Ильин сыяктуу эле Казакстанды өзүнүн үйү деп эсептейт жана улуттар аралык ынтымакты сактоону өз уюмунун негизги вазийпасы деп билет. Елена “Петропавловск эмгекчилеринин элдик кеңешинин” билдирүүсүн биринчилерден болуп айыптады.

“Дал ушул кеңеште бизге тааныш адамдар бар болчу. Мен аларды алыстан келген бирөөлөр деп айтпайм. Кээ бирлери биякта жашачу. Көбүн тааныбайм. Бирок эки-үч кишини билем, – дейт ал. – Корутундуну күтүп жатабыз, прокуратура эмне дейт, негизи эле бул кайдан чыкты? Эмне максатты көздөйт? Суроолор көп".

Жергиликтүү эксперттердин айтымында, 2014-жылы Орусия Крымды аннексиялап, андан кийин Донбасста куралдуу кагылышуу башталганда Казакстандын көптөгөн тургундары дароо эле бул окуя алардын өлкөсүндө да кайталанышы мүмкүн экенин болжолдошкон. Украинанын чыгышы менен Казакстандын түндүгү азыркы кезде көп жагынан окшош. Анан азыр да Кремль "орус тилдүү калкты коргойбуз" деген көнүмүш ураанды бетке кармап, түштүктөгү коңшусуна каршы дагы бир балээни баштабайт деп эч ким кепилдик бербейт.

”(Казакстанда) эл Чеченстандагы согушка көңүл бурган жок, анткени Орусия аймактык бүтүндүгүн сактап жатат деп эсептеди. Ал тургай Грузиядагы согушка да, Түштүк Осетия менен Абхазиянын бөлүнүшүнө да эч кандай маани бербеди. Бирок 2014-жылы Украинанын бүтүндөй бир аймагы күч менен көзөмөлгө алынганда, көптөр Казакстанда да Украинадагыдай болот деп боолгогон”, – дейт казакстандык саясат таануучу Газиз Абишев.

Ошол эле учурда эгемендиктин алгачкы күндөрүнөн тартып Казакстандын бийлиги мурдагы метрополияга карата достук мамилесин дайыма баса белгилеп келет: Орусияны эч качан ыктымал душман деп эсептеген эмес. Буга өлкөнүн түндүгүндө атүгүл ири аскердик түзүмдөрдүн жоктугу да далил.

Республиканын куралдуу күчтөрү Чыгыш, Түштүк, Батыш жана Борбор аймактык командачылыктарга бөлүнөт. Бирок Орусия менен чектешкен жерде саналуу гана гарнизондор жана чек ара күзөттөрү бар.

“Украинага салыштырмалуу Казакстандын абалы ыңгайсыз, биз Кара деңиз аркылуу дүйнөлүк океанга чыга албайбыз, Орусия менен чек арабыз бир кыйла узун, калкыбыз азыраак, инженердик-технологиялык жана аскерий-өндүрүштүк базабыз чабалыраак. Жамааттык Батыш менен аскердик-саясий байланыштарыбыз жеткиликтүү эмес, – дейт Газиз Абишев. – Бул жагынан алганда Казакстан ийкемдүү мамиле жасоого аргасыз. Ошол себептүү Казакстан Астана менен Москванын мамилесин курчута турган аракеттерге барбайт, анткени бул өзүнө зыян”.

“Бирок биз кескин кадамга барып, Орусия жикчилдикти колдоп, кайсы бир аймакты ээлеп алса, анда Орусия Казакстандан биротоло алыстайт. Анан орус-казак чек арасында – кытайлыкпы, америкалыкпы, кайсынысы болбосун, – чет элдик аскерий базалар жайгашат”, – деп эскертет саясат таануучу.

Орус саясатчыларынын жана үгүтчүлөрүнүн ар кандай чабуулдарына жооп кылып, жергиликтүү бийлик Петропавловск орус колонизаторлору тарабынан курулса да, казак шаары болгон жана болуп кала берет деп, бүт күч-аракетин жумшап келет.

Түндүк Казакстан облусунун административдик борборунда Казакстандын мамлекеттик желектери көптөгөн терезелерге илинип, көчөлөрдөгү көрнөк-жарнактардын көбү казактын улуттук оймо-чиймелери түшүрүлүп жасалган. Албетте, бул баарына эле жага бербеши мүмкүн. Жергиликтүү тургундардын арасында көчпөй эле Орусияга кошулуп жашоону каалаган көмүскө жикчилдер да жетиштүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG