Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:51

Казакстан: "өз алдынча" болууну самагандар Москвага таянабы?


Петропавловск шаары. Казакстан.
Петропавловск шаары. Казакстан.

Батыш басылмалары Петропавловск шаарындагы "көз карандысыздык" жарыялап алган топтун артында ким турат деген суроого жооп издешти.

"Элдик кеңештин" артында ким турат?

Англис тилдүү Eurasianet басылмасы өткөн айда Петропавловск шаарынын жашоочуларынын тобу "эмгекчилердин элдик кеңешин" түзүп жана "көз карандысыздык" жарыялаган окуяга казак коомчулугу кандай реакция кылганы тууралуу жазды.

Кеңештин жыйыны 19-мартта өткөнү ал тууралуу видео социалдык медиага тарагандан кийин гана коомчулукка белгилүү болгон.

Видеодо өзүн "эркин эл" деп тааныштырган адамдар тобу Казакстанды "корпорация" деп атап, "башкаруу системасына" ишенбей турганын билдирген.

Айрымдар муну көргөндөн кийин 2014-жылы Украинанын чыгышында советтик системаны сагынган маргиналдар жикчил уюмдун башына келгенден тарта куралдуу жаңжал чыкканын эске салышты.

"Бәсе" YouTube-каналында Казакстандын бийлигин чара көрбөгөнү үчүн сындап, жыйындын катышуучуларынын бири да жоопко тартылбаганын эске салды.

Eurasianet бул сынды негиздүү деп эсептейт. Басылма адатта казак бийлиги мамлекеттин легитимдүүлүгүнөн күмөн санаган мыйзамсыз саясий ишмердикти дароо тыя турганын белгилеген. 2018-жылы Астана экс-банкир Мухтар Аблязов түзгөн "Казакстандын демократиялык тандоосун" "экстремисттик уюм" деп тапканын жана бул уюмдун кандай гана каршылык акциясы болбосун күч менен басканын эске салган.

Орусия Украинага кол салгандан кийин Казакстанда бийлик жикчилдикке байланыштуу кандай гана ишарат болбосун тыйып келет. Өткөн жылы Петропавловск шаарында жашаган түгөйлөр чатта сүйлөшүп жатып Түндүк Казакстанды Орусияга "кошуу" керектигин айтканы үчүн соттолушкан.

"Бәсе" каналы Орусияда ушул сыяктуу "элдик кеңештерге" орусиялык атайын кызмат көз саларын билдирген, бирок ага далил келтирген эмес.

Саясат таануучу Димаш Альжанов "Гиперборей" YouTube-каналына Петропавловскидеги окуя тууралуу маек курган. Анын пикиринде, бул жерде Орусиянын эмес, Казакстандын күч түзүмдөрү аралашкан болушу мүмкүн. Ал Петропавловскидеги топтун социалдык медиадагы аккаунттары парламенттик шайлоого бир нече жума калганда пайда болгонун белгилеген. Шайлоонун жыйынтыгында "кол бала Мажилис" түзүлгөнүн айткан.

"Касым-Жомарт Токаевдин дарегине өтө көп сын айтылган. Таза эмес шайлоо, бурмалоолор ж.б. Мунун баарын кантип басуу керек эле? Албетте, аймактык бүтүндүккө коркунуч келгенин айтуу менен. Азыркы кырдаалда бул жакшы иштеди. Биз эл саясий көз карашына карабай бул окуяга кандай реакция кылганын көрдүк", - деди Альжанов.

Петропавловскидеги топтун эки мүчөсү кийинчерек кечирим сураган видео тараган. Бийликтер жыйынга катышкандарга кылмыш иши козголгонун билдирген.

Eurasianet Петропавловскидеги кайдан-жайдан пайда болгон "Элдик кеңеш" көпкө узабай эле жок болушу мүмкүн деп эсептейт.

Казак депутаттарынын камтамачылыгы

5-апрелде казак Мажилисинин айрым депутаттары Орусияны "Петропавловскидеги жикчилдик кырдаалга" байланыштуу сындаганы үчүн соттолгон активисттер Данат Намазбаев менен Маргулан Боранбайдын ишин кайра кароону талап кылышкан.

Мажилис депутаты Ермурат Бапи Маргулан Боранбай менен Данат Намазбаевдин ишин кайра кароону суранып, өлкөнүн башкы прокурору Берик Асыловго кайрылган.

Депутат анда "биздин мамлекеттин ар-намысын коргогон патриот жарандар "улут аралык кастыкты козуткан" деген айып менен беш жылдык жаза алышты" деп айткан. Ал ошондой эле 2016-жылы Украинага кетип, өткөн жылы кайтып келе жатканда Алматы аэропортунан кармалган активист Ермек Нарымбаевдин ишин да эске салган.

Ермурат Бапи.
Ермурат Бапи.

"Чынында алар жикчилдик фактысын көрсөтүп берип, социалдык медиа аркылуу күрөшкөнү үчүн отурушат. Чечимдердин акыйкатсыздыгына бир эле мисал келтирсе болот: эмнеге бир өлкө (Орусия болушу мүмкүн-ред.) өзүнүн саясат таануучуларына (Казакстан тууралуу чагымчыл пикир айткандар болушу мүмкүн-ред.) эскертүү бербейт, кайра аларды "орус патриоттору" деп эсептейт. Ошол эле маалда биз өз элинин кызыкчылыгын коргогондорду түрмөгө отурузуп жатабыз?", - деген суроо берген Ермурат Бапи.

Ал башкы прокурор Берик Асыловдон Намазбаев менен Боранбайдын ишин "Петропавловскидеги жаңы жагдайларды" эске алуу менен кароону суранган. Андан тышкары Казакстандын дарегине чагымчыл билдирүүлөрдү айткан орусиялык саясат таануучулардын жазасыз калып жатканын эске салган. Бапи бул билдирүүнү депутат Абзал Куспан да колдоп жатканын кошумчалаган.

Ушундай эле билдирүү менен депутат Казыбек Иса жана "Ак жол" фракциясынан Азат Перуашев да чыгышты.

"19-мартта Петропавловскиде 19 жикчил "Элдик кеңеш" уюмун түзүп, Казакстандын көз карандысыздыгын тааныбай турганын айтып чыгышты. Укук коргоо органдары буга коомчулуктун реакциясынан кийин гана иш козгошту. Кылмыш кодексине ылайык мамлекеттин бүтүндүгүн бузгандар жазага тартылышы керек. Ошого карабай 19 жикчил үйүндө жайбаракат отурат", - деп билдирди Казыбек Иса.

Азат Перуашев өз кезегинде Намазбаев жана Боранбай тууралуу сүйлөп жатып "сепаратизм коркунучу тууралуу алдын ала кабарлап, буга бөгөт коюуну айткан жарандарыбыз соттолду" деди.

"Эмнеге биз сепаратизм коркунучу тууралуу айткандарды түрмөгө камайбыз, бөлүнүп кетүүнү каалагандарга келгенде кичипейилдик кылабыз? Мен гуманизмге каршы эмесмин, бирок бул эки тараптуу көчө болуп жатат. Адилеттүү Казакстан үчүн теңата мамиле, ар кандай билдирүү үчүн жоопкерчиликти сезе билүү да зарыл", - деп билдирди Азат Перуашев Мажилистин кулуарында.

2022-жылы март айында Алматы соту блогер-активист Маргулан Боранбай менен экономист Данат Намазбаевди Орусияны саясаты, Украинага кол салганы үчүн айыптаганы үчүн беш жылга эркинен ажыраткан.

Соттун маалыматында "айыпталуучу Б. жана Н. 2018-жылдан тартып социалдык медиадагы өз баракчаларына улуттук жана социалдык кастыкты козутуп, орус улутундагы адамдардын улуттук ар-намысына тийген постторду жарыялап келген. Айыпталуучулар постторду жазганын танбаганы менен күнөөсүн моюнга алган жок", - деп жазылган.

Сот экөөнү тең "бийликти басып алууга ачык чакырык таштаган" деген берене менен айыптуу деп тапкан. Боранбай сотто "улуттук кастыкты козуткан" деп да табылган.

Мындан кийин экөөнүн ар бирин беш жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Өкүмдө Боранбайга ЖМК жана телекоммуникациялык түйүндөрдү колдонуп, коомдук-саясий ишкердик кылууга да тыюу салынган.

Данат Намазбаев Tirek.info. сайты жарыялаган Казакстандын "саясий туткундарынын" тизмесине кирген.

Казакстандын социалдык түйүндөрүндө Орусия менен чектеш аймактардагы сепаратизм көйгөйүн көтөргөн посттор жарыяланып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG