Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:06

Экзит-полл: Казакстандагы шайлоону бийликтеги партия жеңди


Алматы. 19-март, 2023-жыл.
Алматы. 19-март, 2023-жыл.

Казакстанда 19-мартта өткөн парламенттик шайлоодон кийинки экзит-поллдун жыйынтыгы жарыяланды. Үч институттун экзит-поллуна ылайык, шайлоого катышкан жети партиянын кеминде бешөө парламентке өтүү үчүн зарыл болгон 5 пайыздык босого чекти багындырды.

“Евразиялык интеграция институтунун” экзит-поллу көрсөткөндөй, бийликтеги “Аманат” партиясы жалпы добуштардын 53,46%, “Айыл” партиясы 10,52%, “Республика” партиясы 8,9%, "Ак жол" 7,87%, Казакстандын элдик партиясы 6,25%, ЖСДП - 5,31%, “Байтак” 3,22%, “Баарына каршы” деген графа 4,47 пайызын алды.

“Демократия институту” менен “Социс-А” институтунун экзит-поллдору да “Аманат” жалпы добуштардын жарымынан көбүн топтогонун, андан кийинки орундарга “Айыл” жана “Республика” партиялары чыкканын көрсөтүүдө.

Казакстандын Борбор шайлоо комиссиясы шайлоонун расмий жыйынтыктарын жарыялай элек. Азырынча бир мандаттуу округдарда кимдер жеңүүчү болгону да так белгисиз.

Жекшембиде парламенттин төмөнкү палатасынан тышкары жергиликтүү кеңештерге да шайлоо өттү. Шайлоого жалпы добуш берүүчүлөрдүн 54,19 пайызы катышты. Костанай, Кызылордо облустарында шайлоочулардын 65-67 пайызы добуш берсе, бул көрсөткүч Алматы шаарында 25,8 пайызды гана түздү. Казакстанда жалпы 12 миллион шайлоочу бар.

Көз карандысыз байкоочулар жер-жерлерде бюллетендерди тобу менен урнага салган жана бир адам бир нече жолу добуш берген учурлар кеңири катталганын билдиришүүдө.

Шайлоо өтүп жаткан маалда Астанада бир нече активист кармалганын "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Бийликтеги "Аманат" партиясы буга чейин "Нур Отан" деп аталып келген. Кезинде мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жетектеген бул партиянын аталышын учурдагы президент Касым-Жомарт Токаев 2022-жылы "Аманат" деп өзгөрткөн.

Жекшембиде Токаев жана мурдагы президент Нурсултан Назарбаев Астанада добуш беришти. Токаевди журналисттер тартканга жетишкен жок, ал эч кандай комментарий бербеди. Анын добуш берип кеткенин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү кеч билишкен.

Назарбаев да журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Ал бата берип, соболдорго жооп бербей кетип калды.

Жаңы система, эски ыкмалар

Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоо президент Касым-Жомарт Токаев бийлигин бекемдеп, мурдагы президент Нурсултан Назарбаев жана анын жакын тарапташтары саясий таасиринен дээрлик ажырап калган шартта өттү.

Былтыр июнь айында Казакстандын Конституциясы референдум аркылуу өзгөртүлүп, Баш мыйзамдан Назарбаевдин "элбашы" деген макамы алынган. Аны улай ноябрь айында 69 жаштагы Токаев дээрлик атаандашсыз шартта өткөн шайлоодо 81% көп добуш топтоп, дагы жети жылга президент болуп шайланган.

19-марттагы шайлоолор былтыр кеминде 238 адамдын өмүрүн алган Январь окуяларынан кийинки саясий жараяндарды жыйынтыктоочу өнөктүк катары да мүнөздөлүүдө.

Баш мыйзамдагы жаңы өзгөрүүлөргө ылайык, парламенттин төмөнкү палатасына же мажилиске шайлоо 2004-жылдан бери биринчи жолу пропорционалдык системадан тышкары мажоритардык система менен да өттү. Парламенттин 69 депутаты (70 пайызы) партиялык тизме менен, 29у (30 пайызы) бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

Акордо мындай аралаш шайлоо эрежеси саясий атаандаштыкка шарт түзүп, саясий системаны жаңылоого жардам берет деп ишендирген.

"Парламенттик шайлоо жаңы аралаш система менен өтөт. Шайлоонун жыйынтыгында мыйзам чыгаруу органына кызыктуу адамдар, анын ичинде оппозициялык көз карашты кармангандар да келет деп ойлойм", - деп билдирген эле Токаев.

Бирок өкмөттү сындагандар бул өзгөртүүлөр бийликке өзүнө ыңгайлуу парламентти куроого тоскоолдук жаратпайт деп айтышкан. Маселен, парламенттик шайлоого Казакстанда расмий каттоодон өткөн жети партиядан жалпысынан 280ден ашуун талапкер катышты. Алардын бири да президентти жана анын командасын сындаган жок. Партиялык тизме менен шайлоого барган талапкерлердин үчтөн бири бийликтеги "Аманат" партиясынын тарапкерлери экени кабарланган.

Казакстанда бир нече жылдан бери саясий партия катары каттала албай жүргөн бир нече оппозициялык топтор бар. Алар бийлик бут тосуп жатканын, саясий атаандаштыкка жол бербей, ар кандай жасалма тоскоолдуктарды ойлоп таап жатканын айтышат.

Бир мандаттуу округдар бул жолку шайлоо өнөктүгүн бир аз кызытып, башкача өң бергендей болду. Бул округдардан мажилиске 600дөн ашуун талапкер ат салышты. Алардын арасында бийликти сындап жүргөн, Январь окуяларынын кесепетин тынымсыз чагылдырып келе жаткан журналист, жарандык активист Динара Егеубаева да бар. Ал айрым көз карандысыз талапкерлер "көргөзмө" иретинде шайлоого катыштырылганын, бирок алардын парламентке шайланып келеринен күмөн санай турганын соңку маектеринин биринде белгиледи.

"Мени каттоодон өткөрүшкөндө абдан таң калдым. Андан соң менин талапкерлигимди качан алып коюшат экен деп күтүп жаттым. Бирок мен да шылтоо жаратып берген жокмун. Менимче, бийликтин планы мындай: Мени шайлоо күнүнө чейин алып барышат. Анан шайлоо бүткөндө аз добуш берип коюшат. Бул тууралуу бийликчил каналдар көптөн бери эле айтып келишет. Алар көз карандысыз талапкерлерди калк колдобойт деп кабарлап жатышат", - деди Егеубаева.


Токаевдин парламенти шайланып келеби?

Казакстандагы бир дагы шайлоону эл аралык көз карандысыз байкоочулар эркин жана ачык-айкын деп тааныган эмес. Батыш байкоочулары Токаевдин бийлигин бекемдеген былтыркы 20-ноябрдагы президенттик шайлоону да сындап, анда “саясий атаандаштык болгон жок” деген тыянакка келишкен. Ал шайлоого Токаевден тышкары коомчулукка аты анчейин белгисиз беш талапкер катышкан. Шайлоонун жыйынтыгында Токаевден кийинки экинчи сапка башка талапкерлер эмес, "Баарына каршы" графасы (5,2%) чыккан.

Эксперттер бул жолку парламенттик шайлоодо көз карандысыз талапкерлер өзүн-өзү көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк алышканы менен алардын тагдыры аткаруу бийлигине көз каранды бойдон калган шайлоо комиссияларынын колунда экенин айтышкан.

"Оппозициянын талапкерлери жана Токаевди сындагандар талапкер катары катталганы менен шайлоону көзөмөлдөө жана добуштарды саноо системасы өзгөргөн жок. Борбордук шайлоо комиссиясынан тартып жергиликтүү участкалык комиссияларга чейин добуш санай турган адамдар президентти колдогон жети партиянын мүчөлөрү. Ага кошумча, алардын арасында акимдер дайындаган бюджеттик кызматкерлер да бар. Башкача айтканда, шайлоонун жыйынтыгы президенттик администрациянын көзөмөлүндө. Ал эми режимдин түрдүү жана бир топко бирикпеген каршылаштарынын шайлоого катышуусу атаандаштык бар деген маанайды жаратат", - деп айтты казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов.

Казакстанда быйылкы кезексиз парламенттик шайлоо чөлкөмдө геосаясий кырдаал курчуп, Украинада согуш жүрүп жаткан маалда өтүүдө. Орусиянын союздашы катары эсептелген Астана Москванын “деназификация” деген шылтоо менен Украинага басып киришин колдогон да, айыптаган да эмес. Токаев Украинанын аймактык бүтүндүгүн сыйлай турганын жарыяласа да, бир жыл бою орус президенти Владимир Путин менен утур-утур жолугуп турду.

Казакстан 1991-жылы эгемендигин жарыялагандан бери тогузунчу жолу парламент депутаттарын шайлап жатат. 2021-жылкы парламенттик шайлоо Токаевдин тушунда өткөнү менен көптөгөн эксперттер анда шайлоо өнөктүгүн жана анын жыйынтыгын Назарбаев көзөмөлдөгөн деп эсептешет. Ал кезде Казакстанда “кош бийлик” тууралуу көп сөз болгон.

Былтыр Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жана анын үй-бүлөсүнүн Казакстандагы таасири азая баштаган. Январь окуялары маалында Назарбаев Коопсуздук кеңешинин төрагасы кызматынан кеткен. Аны менен чогуу иштеген өлкөнүн мурдагы премьер-министри, Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Карим Масимов жана мурдагы президенттин иниси Кайрат Сатыбалды камалган. Назарбаевдин дагы бир иниси Самат Абиш УКМКнын төрага орун басарлыгынан алынып, кызы Дарига Назарбаева Сенаттагы депутаттык мандатын тапшырган. Мурдагы президенттин күйөө балдары да кызматтарынан кол жууп, ири компаниялардын жетекчиси болбой калган.

Июль айында Токаевдин өкмөтү Назарбаевдин жакын санаалаштары чет жакка чыгарып кетти деген 500 миллион доллардын изин тапканын жарыялаган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG