Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:32

Ак падышанын талаштуу тарыхы


Екатеринбургдагы "Кресттүү жүрүш". 17-июль, 2018-жыл.

Орусияда бул аптада акыркы падыша Николай II жана анын үй-бүлөсү атып өлтүрүлгөнүнүн жүз жылдыгы белгиленди.

“Падышалык кресттүү жүрүш” деп аталган диний жөрөлгөнүн башында быйыл Орусиянын патриархы Кирилл өзү турду. Орус православ чиркөөсү акыркы падышаны жана анын жакындарын диний жактан ыйык деп саналгандардын катарына мындан 18 жыл мурда эле кошкон. Арадан жүз жыл өткөнү менен орус коомунда акыркы императордун ишмердиги жана тарыхый ролу боюнча карама-каршылыктуу көз караштар азыр да жаңырып турат. Ал эми Кыргызстан үчүн өткөн кылымдын эң трагедиялуу окуясы - Улуу Үркүн Орусия империясын дал ушул Николай II бийлеген доорго туш келген.

"Саныбыз жыл санап көбөйүүдө"

Акыркы падышанын же императордун урматына Орусияда “падышалык кресттүү жүрүш” деп аталган диний жөрөлгө акыркы 15 жылдан ашуун убакыттан бери өтүп келет.

Өлкөнүн булуң-бурчунан чогулган зыяратчылар менен диниятчылар, чет өлкөлөрдөн келген православ христиандар адатта бул диний жөрөлгө учурунда Екатеринбург шаарында Николай II, анын үй-бүлөсү жана кызматчылары 1918-жылдын 16-июлунан 17-июлга караган түнү большевиктер тараптан атылган жерден алардын сөөгү ташталып, өрттөлгөн жерге чейинки аралыкка жүрүш жасашат.

Кеминде 21 чакырымдык аралыкка быйыл патриарх Кирилл өзү баштаган ошол диний жүрүштүн миңдеген катышуучулары менен зыяратчылары арасында Орусиянын округдук жана облустук деңгээлдеги бийлик башчылары да болду:

- Бул жер азыр дүйнөнүн бардык христиандары үчүн сыйына турган жерге айланды. Жыл өткөн сайын жыйналгандардын саны өсүүдө. Башында 30-40-50 миң, андан кийин 60 миң болсо, быйыл 100 миңге жакындады,- деди “Рейтердин” кабарчысына Екатеринбургдун четиндеги Ганина Яма деген монастрдын жанынан жергиликтүү диниятчылардын бири Гермоген Еремеев.

Екатеринбургдагы "Кресттүү жүрүш" диний жөрөлгөсү. 17-июль, 2018-жыл.
Екатеринбургдагы "Кресттүү жүрүш" диний жөрөлгөсү. 17-июль, 2018-жыл.

Уюштуруучулардын быйыл “кресттүү жүрүшкө” 150 миңге адам жыйналды деген маалыматын айрым жергиликтүү байкоочулар “чиркөөнүн пропагандасы” катары четке кагышты.

Орусиялык тарыхчы Михаил Бабкин “Азаттык” радиосунун орус кызматына курган маегинде акыркы падыша атылганынын жүз жылдыгын белгилөөдө төмөнкү жагдайларга көңүл бурду:

- Орусия тарыхы үчүн эмнеси маанилүү эле - падыша бийлигинин кулатылышыбы же мурдагы императордун өлтүрүлүшүбү? Албетте эң маанилүүсү - монархиянын кулатылганы. Анда эмне үчүн алдыга биринчисин эмес, экинчисин коюп жатышат? Анткени жашыра турган бир нерсе бар. Мен бул теманы терең изилдегем. Тарыхый булактар менен документтерге ылайык, орус православ чиркөөсүнүн жогорку чөйрөлөрү институт катары падыша бийлигинин кулатылышында эң маанилүү ролдордун бирин ойногон. Мунун баары 1917-жылдын март айынын алгачкы күндөрү болгон. Андыктан аларды акценти падышалык үй-бүлөнүн өлтүрүлүшүнө коюшу, менимче, эки максатты көздөйт. Биринчиси - чиркөөнүн жана анын башчыларынын монархиянын кулатылышындагы ролун жашыруу. Экинчиси - монархиялык картаны ойноо.

please wait

No media source currently available

0:00 0:09:51 0:00
Түз линк

Большевиктик бийлик тарабынан атылгандан 73 жылдан кийин сөөгү 1991-жылы табылып, кийин 1998-жылы Санкт-Петербургдагы Петропавловск соборуна коюлгандан кийин Николай II жана анын үй-бүлө мүчөлөрүн орус православ чиркөөсү 2000-жылы 20-августта ыйыктардын катарына кошкон. Екатеринбургда алар жертөлөсүндө атылган үйдүн ордунда Храм-на-Крови деген чиркөө да тургузулган.

Николай экинчи жана анын үй-бүлөсү. Архивдик сүрөт.
Николай экинчи жана анын үй-бүлөсү. Архивдик сүрөт.

Орусиялык дагы бир тарыхчы, Санкт-Петербургдагы Европа университетинин профессору Борис Колоницкий “Азаттык” радиосу менен маегинде акыркы орус падышасынын коомдук аң-сезимдеги орду мурдагы СССРде, кийин Орусияда үч башка тарыхый жагдайда кандайча өзгөргөнүн айтып берди:

- Совет доорунда окуу китептериндеги чечмелөө жалпысынан мындай эле: Романовдор контрреволюциянын желеги, өз ара уюшуунун, советтик бийликке каршы күрөшүүдө монархиялык бийликти актоонун символу боло алмак деген. Кийин революцияга чейинки Орусияны идеалдаштыруу “кайра куруу” доорунан эле башталды. Адегенде ал эмигранттардын жазгандарына негизделип турду. Андан соң Николай Экинчи орус православ чиркөөсү тараптан канондоштурулду (ыйыктардын катарына кошулду - ред.). Динзарлардын көбү үчүн ал эми диний фигура, алар сыйык деп санашкан объект. Өзүмдүн эле жеке тажрыйбамдан бөлүшө кетейин. Николай II канондоштулгандан бери лектор жана популярдуу тексттердин автору катары мен үчүн да кыйынчылык жаралды. Бир жагынан мен болгонун болгондой айтып, тарыхый чындыкты бурмалагым келбейт. Экинчиден, аудиториямдын, угармандарым менен окурмандарымдын динге берилген бөлүгүнүн сезимине ойногум келбейт. Өзүңдү жарым-жартылай цензуралоо мен үчүн ыңгайлуу эмес. Бирок бул азыркы Орусиянын реалдуулугу.

Ал эми Кыргызстан үчүн өткөн кылымдын эң трагедиялуу окуясы - Улуу Үркүн жана ага алып келген жараяндардын башаты Орусия империясын Николай II бийлеген доорго туш келген.

Акыркы орус падышасынын колониалдык саясатын “Азаттыкка” тарых илимдеринин доктору, профессор Токторбек Өмүрбеков чечмеледи:

- Николай экинчинин тушунда Түркстанда, анын ичинде Кыргызстанда падышалык Орусиянын колониалдык саясаты туу чокусуна жеткен деп айтууга болот. Ал 1894-жылдан тартып, 1917-жылга чейин падыша болуп турган заманда колониалдык саясаттын бардык багыттарында жергиликтүү колониалдык элге зыяндуу иштер жасалган. Андыктан кыргыз элинин, башка колониалдык элдердин көз карашынан караганда, Николай Экинчини мактай турган жакшы нерсе жок деп айтсак тарыхый чындыкка толук дал келет. Кыргызстанда 1916-жылкы көтөрүлүштүн түпкү себеби болгон жер саясатынын өтө зыяндуу көрүнүштөрү дал ушул Николай Экинчинин дооруна туш келет.

Токторбек Өмүрбеков тарыхчылар Улуу Үркүндүн 100 жылдыгы белгиленген 2016-жылкы конференциялардын жүрүшүндө 1916-жылы кыргынга учураган кыргыздардын саны кеминде 100 миң деген бүтүмгө келишкенин кошумчалады.

Москвалык тарыхчы, профессор Андрей Зубов - Николай Экинчинин ишмердигин оң баалаган илимпоздордун бири. Ал акыркы падыша 1917-жылдын март айында тактыдан Орусиянын келечеги үчүн баш тарткан деп санайт. Бирок илимпоз орус коому жүз жыл мурдагы окуяны баалоого келгенде экиге бөлүнүп турганын белгилейт:

- Биздин коом чынында эле бөлүнгөн. Бул жерде кандайдыр бир бурмалоо да эч нерсени өзгөртө албайт. Коом болжол менен советтик өткөндү, ошондой эле советтик эмес өткөндү берилген жакшылык катары кабыл алгандар болуп теңме-тең бөлүнгөн. Жаңы заман боюнча бөлүнүү башкача, бирок өткөн доор боюнча болжол менен мына ушундай.

Былтыр Орусияда режиссер Алексей Учителдин "Матильда" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынган. Николай II тууралуу бул тасма диний ишенимге шек келтирет деп табылып, ага тыюу салуу боюнча расмий демилгени бийлик да колдогон.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG