Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

"Левада": Орусиялыктар согуштан корко баштады


Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный уюштурган акциянын катышуучусу. Москва.
Орусиялык оппозициячы Алексей Навальный уюштурган акциянын катышуучусу. Москва.

Орусиялыктар Сириядагы жаңжал, Батыш менен тирешүүнүн курчушу акыры согушка айланат деп кооптонушат. Мындай чочулоону «Левада» социологиялык борборунун сурамжылоосуна катышкан калктын  57 пайызы билдирген.

“Левада” борборунун социологдору калк арасында Орусиянын Сириядагы согушка катышканы жана Батыш менен мамилеси тууралуу сурамжылоо жүргүзгөн.

Ага катышкандардын 57 пайызы Орусия эл аралык изоляцияда калганын белгилешкен. Батышта Орусияга "жек көрүү жана коркунуч менен карашат" деген оюн билдиришкен.

Сириядагы согушка Орусиянын кийлигишүүсүнүн кесепетинен НАТО өлкөлөрүнүн армиясы менен аскерий кагылышуу болот деген оюн респонденттердин 16 пайызы, “болушу мүмкүн” деген божомолун 41 пайызы билдирген. Ал эми калган 27 пайызы Москванын Сириядагы аракеттери согушка алып келбейт десе, 11 пайызы мындай жоромолду толук бойдон четке каккан.

“Левада” борборунун директору Лев Гудков орусиялыктардын 50 пайызы Москванын Сириядагы аскерий иштерин Батыш менен тирешип, АКШга каршы аракет көрсөтүү катарында гана колдоп келишерин айтууда.

Сирияга барган орус согушкерлери
Сирияга барган орус согушкерлери

- Орусия Сириядагы жаңжалга кийлигише баштаганда, «жаңы Ооганстан» болот деген тынчсыздануу жана чочулоо жогору болчу. Сириядагы жеңиштер Орусияда кеңири пропаганда болуп, көнүмүш көрүнүштөй болуп калганда элдин маанайы тынчып, кызыгуу таркап калды. Сириядагы окуяларга 2016-2017 –жылдары калктын 18 пайызы гана көңүл буруп келген.

Бирок «Вагнердин жеке аскер компаниясы» аркылуу жалданып барган орус согушкерлеринин каза болушунан, Орусиянын кагылышуулардагы жоготуулары жөнүндө кабар көбөйгөндүктөн акыркы айларда Сирияга көңүл бургандар 31 пайызга чейин көтөрүлдү. Көпчүлүк Орусия ал жактагы аскерий иштерин токтотушу керек деп эсептейт. 70 пайыздан ашык орусиялыктар Сириядагы согуш көп жылдарга созулат деген ойдо. Эл Орусия кандай максат менен ал жаңжалга киришкени жөнүндө толук түшүнбөйт.

Сурамжылоодо орусиялыктардын 39 пайызы Орусиянын Сириядагы аскерий иш-аракеттери токтотулсун десе, 34 пайызы улана берсин деген пикири менен бөлүшкөн. Бирок салыштырмалуу көпчүлүк Орусиянын Сириядан чыгышын туура көрөт.

Социолог орусиялыктарда тынчтыкка умтулуу менен бирге Орусиянын өзүн «улуу держава» катары көрсөтүп, АКШ менен каршылашканы үчүн ачык сыймыктануу барын белгилейт. Мындай сезимдер ошол эле маалда массалык аң-сезимде жашыруун коркунучту пайда кыларын кошумчалайт.

Орус армиясын караштуу учак
Орус армиясын караштуу учак

- 2014-жылы июлда НАТО менен түз кагылышуудан коркконун суракка катышкандардын 52-54 пайызы билдирген. Орус аскерлеринин Сириядагы согушка катышуусунун алдында бул көрсөткүч 43 пайызга, 2016-жылы 29 пайызга чейин түшүп кеткен. Украинадагы абалдын катаалдашы, Сириядагы жаңжалдын күч алышы менен орусиялыктардын коркунучу кайрадан күчөй баштады. Бийликтин элди тынчтандыруу аракеттери, пропагандага карабай кооптонуулар бар. Адамдар азыркы Батыш менен болгон тирешүүнүн аягы чоң согушка алып келиши мүмкүн деп кооптонушат.

Гудков орусиялыктар өлкөнүн эл аралык изоляцияга кабылышына АКШны жана Батыш өлкөлөрүн күнөөлөрүн белгилейт. Калктагы мындай ишеним «Кремлдин саясаты жана пропагандасы менен бекемделген» деп жыйынтыктайт социолог.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG