Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Украинадагы согушка 500 күн. НАТО Киевдин маселесин талкуулайт


Мекенин коргоп жаткан украиналык аскер
Мекенин коргоп жаткан украиналык аскер

НАТОнун маанилүү саммитинин алдында Украина орус армиясына каршы контрчабуулду күчөтүүдө. Өлкө түштүгүндөгү салгылашууларда дээрлик күн сайын карапайым калктын өмүрү кыйылып жатат.

Орусиянын Украинага басып киргенине 500 күн болду. Бул аралыкта украиналык миңдеген жайкын тургун каза таап, миллиондогону башпаанек издеп, чет элге кетүүгө аргасыз болду. Шаар-кыштактар талкаланды. Орус күчтөрү басып алган бир канча жерди украин армиясы бошотууга жетишкени менен абал курч бойдон калууда.

Украинанын Львов шаарына 6-июлда урулган соккудан кийин тартылган сүрөт. Анда 10 киши курман болгон.
Украинанын Львов шаарына 6-июлда урулган соккудан кийин тартылган сүрөт. Анда 10 киши курман болгон.

Карапайым калктын өмүрү кыйылууда

10-июлга караган түнү Орусия армиясынын Украинанын Запорожье облусундагы Орехово шаарына жасаган аба чабуулунан төрт адамдын өмүрү кыйылды.

Облус башчысы Юрий Малашконун Телеграмга жазганына караганда, гуманитардык жардам алууга кезекте турган үч аял, бир эркек киши каза тапкан. Ондон ашуун киши ар кандай деңгээлдеги жараат алды.

Андан тышкары облустагы бир катар калктуу конушка абадан ракеталык сокку урулган. Коргоо министринин орун басары Анна Маляр билдиргендей, өлкө чыгышындагы Лиман, Авдеевка, Марьинка шаарларында айыгышкан салгылаш уланууда. Соңку бир суткада отуздан ашуун кагылышуу катталды.

9-июлда Лиман шаарын орус армиясы аткылаганда огуз жайкын тургун мерт кетип, ондон ашууну жараат алган.

Мурдараак CNN каналына интервью берген украин президенти Владимир Зеленский контрчабуул ал каалагандан кеч башталганын, буга Батыштын өз убагында курал-жабдыкты жеткирбегени себеп болгонун айткан. Президент кошумчалагандай, мындан улам орус аскерлеринде коргонууну бекемдөөгө убакыт болгон.

НАТОнун Вильнюстагы маанилүү жыйыны

11-июлда Литванын борбору Вильнюста НАТОнун саммити башталганы турат. Анда Украинанын аскердик альянска кошулуусу тууралуу кеп болот.

Жо Байден, АКШнын президенти
Жо Байден, АКШнын президенти

АКШ президенти Жо Байден Украинаны НАТОго кабыл алууга азырынча эрте экенин билдирди. Ал жекшембиде CNN телеканалына курган маегинде альянс Киевди кабыл алууну согуш аяктагандан кийин гана карай аларын айтты. Болбосо бул НАТО менен Орусиянын ачык тирешүүсүнө жол ачышы мүмкүн экенин эскертти.

Байден ошол эле учурда Вашингтон менен анын өнөктөштөрү Украинага Орусиянын чабуулунан коргоого керектүү курал-жарактарды жөнөтүүнү уланта берерин бышыктады.

Өткөн аптада НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг ушул жумадагы Вильнюстагы саммитте Украинанын Түндүк Атлантика альянсына кирүүсүн тездете турган программа кабыл алынышы мүмкүн экенин айткан. Столтенберг мүчө мамлекеттердин лидерлери үч баскычтан турган программаны колдоп берерине үмүттөнөрүн белгилеген.

НАТОнун саммитине даярдык. Ага 40 өлкөнүн лидерлери катышат.
НАТОнун саммитине даярдык. Ага 40 өлкөнүн лидерлери катышат.

Литванын борбор шаарындагы эки күндүк жыйынга украин президенти Владимир Зеленскийдин катышары болжолдонуп жатат. Альянска мүчө мамлекеттер Киевдин НАТОго кошулуусу боюнча бирдиктүү жообун бере элек. Мурдараак эгер альянска мүчө мамлекеттердин лидерлери Украинаны катарына кошуу жараянын баштоодон баш тартса, Зеленский саммитке катышпай турганы кабарланган.

Чыгыш Европадагы мамлекеттер согуш бүтөрү менен НАТОго мүчө болуу тууралуу Украинанын сунушун колдоп келет. Ал эми альянстын негизги державалары 2008-жылы берген убадаларын сактай турганын билдирген. Анда Украинанын НАТОго кошулуусу кайсы бир мөөнөт менен чектелбеши керек экени айтылган.

Бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба телефондон сүйлөшүп, НАТОнун алдыдагы саммитин, Киевдин контрчабуулун талкуулашты.

Зеленскийдин удаа сапарлары жана "Азовчулардын" кайтышы


7-8-июль күндөрү украин лидери Владимир Зеленский Болгарияга, Чехияга, Словакияга жана Түркияга барып келди. Жолугушууларда Киевдин НАТОго мүчө болуу маселеси да талкууланды.

Чех президенти Петр Павел Украинанын НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусун колдой турганын белгилеп, Киев орус агрессиясынан коргонуу жаатында Прагага таянса болорун билдирсе, түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган “Украина НАТОго мүчө болууга татыктуу экенине эч кандай шек жок” деди.

Чехиянын президенти Петр Павел жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Прага шаары, 6-июль, 2023-жыл.
Чехиянын президенти Петр Павел жана Украинанын президенти Владимир Зеленский. Прага шаары, 6-июль, 2023-жыл.

"Азовсталды" коргогон жоокерлердин беш командири Түркиядан 8-июлда президент Владимир Зеленский менен кайтып келди. Аларды былтыр сентябрда Орусия туткун алмашууда украиналык саясатчы Виктор Медведчуктун ордуна өткөрүп берген. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогон ортомчулук кылган сүйлөшүү шартына ылайык, алар согуш аяктаганда чейин "коопсуз жана ыңгайлуу шартта" Стамбулда болушу керек болчу. Москва командирлердин Украинага кайтып келишин айыптап, келишимдин шарттары бузулганын эскертти.

"Азовчулардын" мекенине кайтып келиши 8-июлда Орусиянын Украинага бастырып киргенине 500 күн болгон учурга туш келди. Президент Зеленский аларды баатыр деп атады:

"Бүгүн, согуштун 500-күнүндө биз беш баатырыбызды, Украинанын баатырларын үйгө алып келдик. Мариупол менен Азовсталды коргогон командирлер - Денис Прокопенко, Святослав Паламар, Сергей Волынский, Олег Хоменко, Денис Шлеха Украина үчүн согушту. Алар туткунга түшүп аман калышты, алар Түркияда 300 күндөн ашык убакыт өткөрүштү жана алардын үйүнө кайтуусуна убакыт жетти".

Мекенине кайтып келген "Азовчулар" - Денис Прокопенко, Денис Шлеха жана Олег Хоменко.
Мекенине кайтып келген "Азовчулар" - Денис Прокопенко, Денис Шлеха жана Олег Хоменко.

Түркиядан Украинага кайтып келген "Азовсталды" коргогон жоокерлердин командирлери кайра согушка катышарын "Азов" полкунун башчысы Денис Прокопенко Львовдо журналисттер менен жолукканда билдирди.

"Мен армия - бул командалык иш экенине терең ишенем жана биз бүгүнкү күндөн тартып күрөштү улантабыз, согушта сөзсүз өз сөзүбүздү айтабыз. Эң башкысы, украин армиясы фронтто стратегиялык демилгени колго алды жана күн сайын алдыга жылып жатабыз", - деди Прокопенко.

Мариуполдогу блокада былтыр мартта башталып, май айынын ортосуна чейин созулган. Аймактагы "Азовсталь" заводун коргогондор сүйлөшүүлөр алкагында "кийин туткун алмашууда бошотулат" деген шарт менен чыккан. Орусиянын Коргоо министрлиги 2022-жылы 20-майда аталган завод Москванын көзөмөлүнө өткөнүн билдирген. Орус тарап 2439 украин жоокери туткунга түшкөнүн айткан, андан бери Киевге айрымдары өткөрүлүп берилди".

Миңдеген өмүрдү жалмаган согуш

Орусия Украинага 2022-жылдын 24-февралында басып кирген. Москва "атайын операция" деп атаган согушту дүйнө сындап келет.

Батыш мамлекеттери Орусияга бир катар экономикалык санкцияларды жарыялап, Кремл саналуу гана мамлекеттер менен алаканы сактап турат. Бул аралыкта Киев Батыштагы союздаштарынан миллиарддаган долларлык аскердик колдоо алды.

АКШнын Согушту изилдөө институтунун (ISW) эксперттеринин 8-июлда жарыяланган баяндамасында Украинага басып кирген 500 күн ичинде Киевди үч күндө басып алууну көздөгөн орус армиясы максаттарынын бирине да жете албаганы белгиленди.

Талкаланган жана оккупацияланган Мариуполь шаарынан тартылган сүрөт.
Талкаланган жана оккупацияланган Мариуполь шаарынан тартылган сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун 30-июндагы маалыматына ылайык, согуш башталгандан бери карапайым калк арасында 9177 киши каза болуп, 15993ү жараат алды. Курман болгондордун 500гө жакыны балдар. Уюм Орусия басып алган аймактарда маалымат чогултуу кыйын болгондуктан, каза болгон жана жараат алгандардын саны мындан көп болушу мүмкүн экенин белгиледи. Андан тышкары эки тарап тең миңдеген аскерлерин жоготту. Согуш шартында тараптардын маалыматтарынын чын-төгүнүн көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG