Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:38

АКШ Украинага дагы 1,3 миллиард доллар өлчөмүндө аскердик жардам берет


NASAMS үлгүсүндөгү төрт зенит-ракета комплекси.
NASAMS үлгүсүндөгү төрт зенит-ракета комплекси.

АКШнын Коргоо министрлиги Украинага бөлүнө турган аскердик жардамдын кезектеги топтомун жарыялады. Бул жолу жардам USAI программасынын алкагында берилет. Тагыраагы, Украинага жеткириле турган курал-жарак Пентагондун кампаларынан алынбайт, аларды чыгаруу үчүн заводдорго буйрутма берилет.

Топтомго NASAMS үлгүсүндөгү төрт зенит-ракета комплекси, ок-дарылар, артиллериялык снаряддар, көчмө зенит-ракета комплекстери үчүн ракеталар, Switchblade дрондору, портторду коргоочу жабдуулар жана башка аскердик материалдар кирди.

АКШ Украинага бериле турган аскердик жардамдын буга чейинки топтому жөнүндө 7-июлда жарыялаган. Анда ошол топтомго кассеталык ок-дарылар алгачкы жолу киргизилгени маалымдалган. Кийин алар Украинага жеткирилгени, бирок согуш талаасында колдонула электиги кабарланган.

Орусиянын Украинадагы согушу башталгандан бери Вашингтон Киевге жалпысынан наркы 40 миллиард доллар турган аскердик жардам көрсөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG