Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:28

Беларус армиясы "вагнерчилер" менен биргелешкен машыгууларды баштады


Беларустун Коргоо министрлиги жарыялаган сүрөт.
Беларустун Коргоо министрлиги жарыялаган сүрөт.

Беларустун Куралдуу күчтөрү "Вагнер" менчик аскердик уюму менен биргелешкен машыгуу өткөрүүдө.

Коргоо министрлиги Телеграмда тараткан маалыматка ылайык, аскерлер Брест полигонунда машыгып, күжүрмөн тапшырмаларды аткарышат.

Министрлик азыркы геосаясий кырдаалда "Вагнердин" тажрыйбасы беларус армиясын өнүктүрүүдө салым болорун белгиледи. Польша менен чектеш аймакта уюштурулган машыгууга 10 миңге чейин жоокер катышары айтылууда.

Былтыртан бери Украинада согушкан "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү "вагнерчилер" Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин "кан төгүүнүн алдын алуу үчүн" артка кайтууну чечкенин жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин "куралдуу көтөрүлүштү" токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган. Кийин ал Пригожин Орусияда болушу мүмкүн деп жарыялаган.

Мурдараак Беларуска "Вагнер" менчик аскердик компаниясынын кеминде эки миңдей жалданма жоокери келгенин "Беларускі Гаюн" мониторинг долбоору маалымдаган. Анын алдында "Азаттыктын" беларус кызматы спутниктен алынган сүрөттөргө таянып Цель деп аталган кыштактын жанында кароосуз калган аскер бөлүктө чатырлар тигилип жатканын жазган.

XS
SM
MD
LG