Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:42

Динара Кутманова Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты


Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Мурдагы экология, жаратылыш ресурстары жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин дооматтарын четке какты. Ал "Азаттыкка" комментарий бергенде өзү тууралуу бийлик жетекчилерине бир жактуу, туура эмес маалымат жеткирилип жатканын айтты.

Кутманова ошондой эле Жаратылыш фондунан каржыланган 110дой долбоор натыйжасыз болгону жана туугандарын, жакындарын кызматка койгону жөнүндө сөздөрдү жокко чыгарды.

"Жетекчилерге туура эмес маалымат берип, мени жаманатты кылып жатышат. Мен Камчыбек Кыдыршаевичке түз кайрылам, мени кабыл алып, менин жүйөмдү дагы угуп, объективдүү карап берсин. Буга чейин министрликти пландуу түрдө текшерип жатышкан. Корко турган эч нерсе жок, мыйзамсыз эч нерсе жасаган эмесмин деп отургам. Бирок бул жерде баары башкача болуп кетти. Бул жерде 110 долбоордун бирөө дагы натыйжасыз дегенге макул эмесмин. Ал долбоордун баары эки-үч жылдык долбоорлор, эми гана башталды. Ал жерде мэрияларга, айыл өкмөттөргө техника алынган. Лаборатория ачканбыз. Чоң-чоң бактарды тиккенбиз, анын баары телевизордон көрсөтүлгөн. Кызын, тууган-уругун аралаштырып алган деген сөздөр дагы жалган. Менин кызым жок, эки уулум бар", - деди Кутманова.

20-июлда өкмөттүн жарым жылдык ишин жыйынтыктаган жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "коррупцияга" аралашкан мамлекеттик кызматкерлер эртеби-кечпи жазасыз калбайт деп эскерткен. Буга байланыштуу экс-министр Динара Кутманованы мисалга алып, аны Кумтөрдүн акчасына байланыштуу айыптаган.

"Мамлекеттин бюджетине кол салган аткаминер жазасыз калбайт. Иштен кеткен болсоң дагы артыңдан кууп барып жазалайбыз. Бир эле мисалды айтайын. Мына, кечээ эле араңарда отурган, министр болгон Кутманова деген эжекебиз эсиңерде болсо керек. Кумтөрдөн Жаратылышты коргоо фондуна жылына дээрлик 4 миллион доллар бөлүнүп турган. Акыркы 2,5 жылдын ичинде 1 миллиард сомдун тегерегинде акча бөлүнгөн. Ал жерде 110дон ашык долбоор иштетилген, бирок бүгүнкү күндө бир дагы долбоордон натыйжа жок. Ал жерге (Кутманова - ред.) жалаң баласын, сиңдисин, тууган-уругун, досторун, баарын аралаштырып алган. Ошонун баары азыр, ал иштен кеткенден кийин чыгып жатат. Бирок биз буга чейин иштеп жатканбыз, ушунун негизинде жазасын алышат".

Динара Кутманова министр болуп 2021-жылы 13-октябрда дайындалган. Ага чейин 2020-жылы ноябрдан баштап Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп турган. Кийин бул мекеме жоюлуп, министрлик болуп түзүлгөн.

Министр болуп турганда Бишкектеги жана бир катар шаардагы абанын булганышына байланыштуу ага сын-доомат көбөйгөн. 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылганда аталган министрликке "төмөн" деген баа берилген.

Кутманова министр кызматынан быйыл мартта күтүүсүз алынган жана ал үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаровду күнөөлөгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG