Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:35

Орусиянын абактарынан быйыл 35 кыргыз жараны экстрадиция болду


Башкы прокуратура.
Башкы прокуратура.

Орусиянын түрмөлөрүнөн жыл башынан бери 35 кыргыз жараны мекенине экстрадиция болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Башкы прокуратуранын өкүлү Назарбек Кенжеев билдирди.

Анын кабарлашынча, ушул тушта дагы 38 адамдын соту аяктап, мекенине которуу тууралуу чечим чыккан. Аларды алып келүү аракети көрүлүүдө. Жалпысынан экстрадицияга байланыштуу 188 арыз каралып жатат.

Былтыр орус абактарынан жалпысынан 33 кыргызстандык мекенине которулган болчу.

Ушул жылдын апрель айында Жогорку Кеңештен "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанар Акаев балдары орус абактарында отурган ата-энелердин көйгөйүн айтып чыккан. Орусияда "Вагнер" менчик аскердик компаниясы абактардагы кыргыз жарандарын азгырган учурлар тууралуу эскерткен. Депутат мындан улам Башкы прокуратура ыкчам чараларды көрүшү керектигин билдирген эле.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн Украинадагы согушка тартылган он кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан.

Расмий маалыматка ылайык, ушул тушта Орусиянын абактарында 1100дөй кыргызстандык жазасын өтөп жатат. Ал эми убактылуу кармоочу жайларда 900дөн ашык кыргыз жараны отурат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG