Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Орус прокуратурасы Алексей Навальныйга 20 жыл сурады


Алексей Навальный.
Алексей Навальный.

Орусияда прокуратура оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремизм" беренеси менен 20 жылга өзгөчө режимдеги колонияга кесүүнү сурады. Бул тууралуу Навальныйдын Телеграм-каналында кабарланды. Саясатчыга өкүм 4-августта чыгышы мүмкүн.

Ал акыркы сөзүндө Орусия абийир алдында "кулап калганын", убатысы келгенде кайра бутка турарына ишенерин айтты.

Владимир облусундагы колонияда камакта отурган Алексей Навальныйдын “экстремизм” иши боюнча соту июнда Москва шаардык сотунда башталган. Отурум жабык өтүүдө.

2022-жылдын мартында сот аны алдамчылык жана судьяны кемсинткен деген айып менен тогуз жылга эркинен ажыратып, 1 миллион 200 миң рубль айып пул салган.

Саясатчы 2021-жылдын башында Орусияга Германиядан дарылануудан кайтып келатканда кармалган. Бир нече кылмыш иши козголуп, соттолгон. Ушул тапта экстремизмге байланыштуу айыптоо иши боюнча сот процессине даярдык жүрүүдө. Тергөө аны "террордук жамаат түптөгөн" деп айыптап жатат. Навальный өзү муну "саясий куугунтук" деп эсептейт.

Навальныйдын тарапташтары оппозиционер орус президенти Владимир Путиндин саясатын ачык сындаганы үчүн соттолуп жатканын белгилешет. Кремль муну четке кагып, кылмыш иштерине кийлигишпей турганын билдирген эле.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG