Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:37

Тажикстанда карызы бар 2600 адамдын сыртка чыгуусуна тыюу салынды


Тажик сомониси жана АКШ доллары
Тажик сомониси жана АКШ доллары

Тажикстандын өкмөтүнө караштуу Аткаруу кызматы дагы 2600 кишини Карызкорлордун бирдиктүү реестрине киргизди. Алар: банктарга, мекемелерге жана жеке адамдарга карызын төлөй албай жүргөн жарандар. Бул тизмедегилер өлкөдөн чыга албайт.

Аткаруу кызматы жылдын башында 850дөн ашык карызкордун аты-жөнүн жарыялаган. Кийинчерээк жалпысынан 7 миллион сомониден ашык карыз ээлерине төлөп берилгени маалымдалган. Бул сумма 639 миң АКШ долларына барабар.

"Озоди" радиосу тактагандай, мамлекеттик реестрде бюрократиялык создуктуруу, паракорлук жана ишкерликтеги көйгөйлөрдөн улам карыз болуп калган жүздөгөн ишкерлер бар.

Жыл сайын ушундай маселелердин айынан Тажикстанда айрым ишкерлер өзүн банкрот деп жарыялашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG