Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

"Менчик корголуп, укуктар сакталышы керек". Өкмөттүн алты айлык иши, ишкерлердин сунушу


2023-жылдын жарым жылдыгын жыйынтыктаган чогулуштан тартылган сүрөт.
2023-жылдын жарым жылдыгын жыйынтыктаган чогулуштан тартылган сүрөт.

Өкмөт соңку алты айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарды. Жыйында өкмөт башчы Акылбек Жапаров Кыргызстанда быйыл биринчи жарым жылдыкта экономиканын бардык багыттарында өсүш болгонун билдирди. Бул макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоонун аркасында болгону да белгиленди. Алгачкы жарым жылдыкта салыктан 84,4 млрд. сом киреше түшкөнү да айтылды.

Айрым ишкерлер салыктардын көтөрүлүшү инвесторлорду качырып же ишин токтотууга аргасыз кыларын эскертип жатат.

"Туруктуулукту камсыз кыла алдык"

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров алгачкы жарым жылда аткарылган иштер, экономикалык өсүштөр тууралуу айрым көрсөткүчтөргө токтолду:

“Биз макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кыла алдык. Экономикалык өсүштүн темпи 3,9 %ды түздү. Эгерде Кумтөрдү эсепке албасак, анда 5,2 % өсүшкө жетиштик. Өнөр жайда 0,5 %, айыл чарбасында 2,5 %, курулушта 11,2 %, кызмат көрсөтүүдө 4,7 % өсүш болду. Экономиканын бардык секторлорунда өсүш катталды. Салык жана бажы операцияларын башкарууну, фискалдаштырууну жакшыртуу аркылуу республикалык бюджет алты айда 2,34 миллиард сом суммасында профицит менен аткарылды”.

Акылбек Жапаров эки жылга жетпеген убакыт аралыгында кыргыз өкмөтү 310 млрд. сомду кошумча тапканын белгилеп, мындай каражат буга чейин 10 жылдап топтолбой келгенин, бул өтө өжөрлүк менен аткарылган иштин аркасында келген каражат экенин жана аны донорлор бербегенин кошумчалады.

2023-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктаган өкмөттүн жыйыны.
2023-жылдын биринчи жарым жылдыгын жыйынтыктаган өкмөттүн жыйыны.

2022-жылы бюджет 442,8 млрд. сомго аткарылган. Ал эми быйыл консолидацияланган бюджеттин көлөмүн парламент 503 млрд. сом менен бекитип берген. Өкмөттүн алдын ала божомолдоолоруна ылайык, ал дагы 50 миллиардга көбөйүп, жалпы көлөм 550 миллиард сомдон ашып түшүүсү мүмкүн.

Бул иштер Салык жана Бажы кызматынын эмгегинин, паракорчулук менен күрөшүү боюнча чаралардын жыйынтыгында аткарылып жатканы өкмөт башчынын жарым жылдык баяндамасында белгиленди.


Быйыл Салык кызматы 196,1 млрд. сом чогултарын Акылбек Жапаров өз докладында айтты.

"Азыркы тапта бюджет 6,4 млрд. долларга жеткен. Мындай темптеги өсүш Камбар-Ата ГЭСин өз алдынча куруп алуубузга өбөлгө болот. Былтыр өкмөт биринчи үлгү болуп, айлыктарды жогорулатты, быйыл да ал үчүн 120 млрд. сом каралды. Бизди кууп жетүү үчүн бизнес чөйрөсү да айлыктарды көтөрүүдө. Демек экономикадагы туура саясат бизнести дагы элди багууга, өзүнүн каражатын айландырууну көтөрүүгө түрткү берет", - деди Жапаров. Өнүгүүгө карай багытталган мындай темп алдыңкы 5-6 жылга чейин сакталышы керектигин Жапаров эскертти.

"Мындай ийгиликке эмненин аркасынан жетип жатабыз? Буга экономикалык саясатты жөнгө салуу, инфляцияны көзөмөлгө алуу жана экономиканы узак мөөнөткө пландаштыруу чеберчилиги, мамлекетке кызмат кылган 368 миң адистин натыйжалуу эмгегинин жыйынтыгы себеп болду".

Аскердик тармакка бөлүнгөн каражат

Өкмөттүн жыйынында Жапаровдон кийин баяндама жасаган министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанда соңку жылдары аскердик тармакка бөлүнгөн каражат бир канча эсе көбөйгөнүн билдирди.

"Биз аскердик техниканы жана курал-жарактарды масштабдуу түрдө жаңыладык. 2020-жылы бул багытка 3,5 миллиард сом гана жумшалса, 2021-жылы 32 миллиард , 2022-жылы 53 миллиард сом сарпталган. Быйыл алты айда 40 миллиарддан ашык сом бөлүндү. Ошентип, соңку 2,5 жылда 120 миллиарддан ашык сом берилди. Мындан улам дүйнөнүн көп өлкөлөрү сатып ала элек "Байрактар", "Аксунгур" жана "Акынжы" деген учкучсуз аппараттарды, абадан коргоочу жабдууларды, Ми-8, Ми-17 үлгүсүндөгү тик учактарды сатып алдык".


Быйыл өкмөт 204 мектептин курулушун пландаган, анын 100ү салынып бүткөн, 1-сентябрга карата 30 мектеп эксплуатацияга берилет. Планга ошондой эле 433 чакырым асфальт төшөлөрү жазылып, азыркы тапта анын 132 чакырымы салынып бүттү. Жапаров менен Ташиев пландалган мектептер менен жолдордун курулушу бүтпөсө тиешелүү жетекчилер түздөн-түз жоопкерчилик тартарын катуу эскертип, жалпы жетекчилерди ыкчам иштөөгө чакырды.

"Биздин администрациядагы кызматкерлерибиз планга мониторинг жүргүзүү учурунда бир катар көйгөйлөрдү аныктаган. Жетекчилер артыкчылыктарды белгилебей, планды аткарууда формалдуу, жоопкерчиликсиз мамиле жасалган. Президенттин администрациясына берилген маалымат сапатсыз, жыйындарга даярдыгы жок адистер келет. Мамлекеттик органдардын иштешүүсү, координациясы начар. Иш-чараларды аткаруу мөөнөтү бузулган учурлар бар. Аймактагы жетекчилер, силер ыңгайлашып алдыңар, ордуңардан козголуп, өз ишиңерди так аткаргыла, жакшы сунуштарды бергенге аракет кылгыла", - деди Акылбек Жапаров.

Өсүш бар, бирок ишкерлер кыйналууда

Эл аралык бизнес кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков экономикада өсүш болуп жатканы менен бул көрүнүш ишкерлерге кыйынчылык жаратып жатат деген көз карашта:

"Өкмөт жөлөк пул, пенсия, айлык, айрым секторлорду салыктан бошотуу жолдорун ийгиликтүү караштырып берди. Андан сырткары жеңилдетилген насыялар берилип, кошумча киреше булактары пайда болду. Бирок кемчилик катары байкап жатканыбыз - жеке менчиктин корголушу, ишкерлердин укуктарынын сакталышы жана мыйзамдын бирдиктүү ирээтте иштешин, экономикалык саясаттын бирдиктүү болушун камсыздоо керек болуп турат. Алдын ала айта тургандай саясат болсо ишкерлер туруктуулукту сезип, бизнеске кошкон салымын уланта берет. Өкмөт салык көп чогултулду, бюджет көбөйдү дегени менен, ишкерлерге бул жүк болуп калууда. Ал жүк тең салмактуу болуп, эки жактын тең кызыкчылыктары эске алынышы зарыл. Салык жүгү негизсиз болсо, ошол эле ишканалар көмүскөгө кирет же болбосо такыр эле ишмердигин токтотуп, башка өлкөлөргө чыгып кетиши ыктымал. Салык оор болсо, ишкерлерди качырат".

Экономикалык серепчи Денис Бердаковдун айтымында, өкмөт жыйынында айтылган көрсөткүчтөр көмүскө экономиканын ачыкка чыгышынан кабар берет.

"Бажы кызматындагы айрым паракорчулук элементтеринин жоюлушу салык жыйымдардын көбөйүшүн камсыздай алды. Эгер мамлекеттик компаниялар тууралуу сөз кыла турган болсок, "Манас" эл аралык аэропорту дивиденддердин эсебинен бюджетке болгон төлөмдөрүнүн санын 4-5 эсеге көбөйттү. "Мега" мамлекеттик мекемеси да соңку үч жылда төлөмдөрүн 4-5 эсеге көбөйттү. Мунун баары мамлекеттин бизнеске болгон талаптарынын күчөтүлгөнүнөн улам ишке ашууда деп ойлойм. Бул элди жакырчылыктан чыгаруунун бирден-бир жолу. Азыр Кыргызстан аркылуу жалпы керектелүүчү товарлар Орусия, Беларус, Казакстан, Өзбекстанга жеткирилип, өлкөбүз жаңы Жибек жолунун борборуна айланып баратат. Бирок Кыргызстаныбызга жакшы талдоо жетпей турат, анализ жүргүзгөн институттар абдан аз. Бюрократияны азайтуу зарыл. Мындан 10-15 жыл мурда жарыяланган мамлекеттик программалар ушул күнгө чейин ишке ашпай турат, айрымдары кагаз бетинде эле "жасалган" деп жазылып калды. Инвестиция туруктуулук жана укук бар жерге келет. Ошондуктан бул жаатта да кыргыз өкмөтү жакшы иштерди алып барышы керек".


Өкмөт жыл жыйынтыгында "өсүш 4,5% болот" деп болжолдосо, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7%, 2024-жылы 7,2% темп менен жогорулайт деп божомолдогон. Бийлик планга жетпей жаткан себебин Кумтөрдө кендин курамынан алтын азыраак табылып жатканы менен байланыштырууда. Бирок жалпы көрсөткүчтөр жыл аягына чейин текшиленет деп ишенип жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG