Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:42

Экономикада өсүш бар, бирок Кумтөрдө алтын азайды


Кумтөрдө алтын казылгандан кийинки иш учуру. 2022-жыл.
Кумтөрдө алтын казылгандан кийинки иш учуру. 2022-жыл.

2023-жылдын алгачкы жарымында Кыргызстандын экономикасы 3,9% жогорулады. Өкмөт жыл жыйынтыгында "өсүш 4,5% болот" деп болжолдосо, эл аралык институттар "темп 7% чейин жетет" деп жоромол келтирген. Бийлик планга жетпей жаткан себебин Кумтөрдө кендин курамынан алтын азыраак табылып жатканы менен байланыштырды. Бирок өкмөт жалпы көрсөткүчтөр жыл аягына чейин түздөлөт деп ишенип жатат.

Кыргыз экономикасынын өзөгүн түзгөн Кумтөрдүн өндүрүшү мурда өзүнчө каралып жүрсө, быйылкы жылдан тартып жалпы эсеп менен чогуу санала баштады. “Элдик экономика” түрмөгүндө алдыда ушул багытта кеп кылабыз.

Жарым жылдагы секирик

Экономиканын, тагыраагы ички дүң продуктунун (ИДП) соңку эсебин адаттагыдай эле Улуттук статистика комитети чыгарды. ИДП бул – жашылча, мөмө-жемиштерден баштап, кен байлыктарга чейин, өлкөдө өндүрүлгөн бардык товарлардын жана транспорт, туризм, соода сыяктуу кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмү.

Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева алгачкы жарым жылдыктын жыйынтыгын чыгарган басма сөз жыйынында буларга токтолду:

Назира Керималиева
Назира Керималиева

“Баштапкы эсептерге ылайык, 2023-жылдын январь-июнунда ички дүң продуктунун көлөмү 453 миллиард сомдон ашык сумманы түзүп, 2022-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 3,9%га көбөйдү. ИДПнын өсүшү товардык өндүрүү жана тейлөө секторлорунун көрсөткүчтөрүнүн көбөйүшүнүн негизинде камсыздалды. Ички дүң продуктунун түзүмүндө эң көп үлүш – 53,3% тейлөө жана кызмат көрсөтүү тармагына туура келди. 26,95% товар өндүрүүгө жана 19,8% башка тармактарга тиешелүү”.

Эгер деталдуу карай турган болсок, товар өндүрүү 2,6%, кен казуу 6,1%, курулуш 11,2%, айыл чарба 2,5%, дүң жана чекене соода 12,3%, жүк ташуу 6,5% өстү, мейманкана жана ресторан бизнеси 29,5%, маалымат жана байланыш 13%, машине сатуу 12,3% көбөйдү. Айрым тармактар гана, айталы кайра иштетүү 0,4% жана таштандылардан чийки затты бөлүп алуу өндүрүшү 7,4% артка кеткен.

Кыргызстандын өкмөтү алгач 2023-жылы экономикадагы өсүш 4,9-5% болот деп болжолдоп жаткан. Кийин такталган эсебинде мерчемин 4,5% чейин түшүргөн. Тиешелүү аткаминерлер азыр жылдын жарымындагы көрсөткүчтөр ошого жакын келатканын, жыл соңунда сандар пландалгандай чыгарын маалымдап жатышат.

Экономика жана коммерция министрлигинин Макроэкономикалык саясат башкармалыгынын экономика секторлорун макроэкономикалык талдоо бөлүмүнүн башчысы Насирдин Шамшиев мындай деди:

Насирдин Шамшиев
Насирдин Шамшиев

“Маселен, 2022-жылдын жыйынтыгы менен ички дүң продукт 919 млрд сом болуп, өсүү темпи 7% болгон. Быйыл болсо 1 трлн 78 млрд сом менен чыгабыз. Байкап атасыңарбы, ошондо биз быйыл былтыркыдан 160 млрд сомго көп продукция чыгарганы жатабыз. Өсүү темпи 4,5% деп коюлган. Эмне үчүн? Анткени былтыркы көрсөткүчтөр өтө чоң болгон, биз ошону 100% деп алып туруп, ошого дагы 4,5% кошуп жатабыз. 2022-жылкы өсүү чоң болгону үчүн 2023-жылдын өсүү темпи былтыркыдан азыраактай сезилип жатат. Болбосо Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу ички дүң продукт 1 трлн сомдон ашканы турат. Дүйнөдөгү азыркыдай геосаясий кырдаалда, логистиканын бузулуп, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбаттап, электр энергиясынын тартыш болуп жаткан маалда бул өтө чоң өсүш”.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын ИДПсы соңку жылдары 4-5% темп менен өсүп келсе, 2020-жылы 8,4% чейин түшүп кеткен. 2021-жылы 6,2%, 2022-жылы 7% өсүш менен чыкты. Айрымдар бул эки жылдагы көрсөткүчтөр 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу төмөндөп кеткен экономиканын фонунда көп көрүнүп жатканын белгилешүүдө. Сыягы, 2023-жылкы көрсөткүчтөр экономиканы пандемияга чейинки реалдуулукка кайтарып жаткандай.

Экономист Расул Түлеев “Азаттыкка” берген интервьюсунда төмөндөгүдөй талдоосун жайды:

Расул Түлеев
Расул Түлеев

“Экономикада чын эле өсүш бар. Бул биринчи кезекте Орусия менен Украина согушуп, ошонун натыйжасында биз аркылуу көп жумуштар бүтүп жатканы менен байланыштуу. Экинчи жагынан өкмөттүн жасаган жумуштары реалдуу секторго таасир этип, жылыштар болуп жатат. Инвестициялар реалду секторго тартылып жатат. Бирок ошол эле маалда бул көрсөткүчтөр инфляциянын эсеби менен да көбөйтүлүп жатат. Анткени товарлардын баасы өсүп жатат, ошонун эсебинен өндүрүлдү деген сумманын саны көбөйгөндөй сезилип жатат. Айталы, өкмөт “салыктарды эки эсе көбөйттүк” деп мактанып жатпады беле. Баалар өскөндөн улам да чогулган салык көбөйүп жатат десек болот. Мына ушунун баарына биздин Улуттук статистика комитетинин айрым сандарды кошуп эсептей турганын мисал тарт кетиш керек. Ал сандарды баары кайдан пайда болот? Айыл өкмөттөрдөн, муниципалдык мекемелерден жана башка органдардан алат. Алар дайым сандарды апыртып берип коюшарын жакшы билебиз. Айыл өкмөттөр өзүнүн жакшы иштеп жатканын көрсөтөйүн деп, былтыркы өндүрүштүн үстүнө кошуп айтып коё беришет”.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) быйыл жыл башында жарыялаган баяндамасында Кыргызстандын экономикасы 2023-жылы 7% темп менен жогорулайт деген болжол чыгарган. Анда былтыр Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн, АКШнын, Улуу Британиянын жана башка мамлекеттердин Борбор Азиядагы өлкөлөргө экспорту өскөнү белгиленген. Экспорт өзгөчө Кыргызстан менен Арменияга көбөйгөн. ЕРӨБ бул жагдай быйыл да уланарын, ошол себептүү Борбор Азиядагы экономика адаттагыдан көбүрөөк секирик жасай турганын билдирген.

Евразия өнүктүрүү банкы (ЕАӨБ) болсо июндагы маалыматында, Кыргызстандын экономикасы быйыл 4,2% өйдөлөйт деген жоромол жарыялаган. Мекеме муну Кытайдын карантиндик чектөөлөрүнүн алынышы, Кыргызстанда тейлөө жана туризм тармагынын өсүшү, салык-бюджеттик чаралардын күчөшү жана алтын сатуунун арбышы менен байланыштырган.

Кыргызстандын экономикасынын 2023-жылкы өсүшүн Эл аралык валюта фонду (ЭВФ) 3,5% деп баалаган. Дүйнөлүк банк да куду ушундай болжолун жарыялаган.

Кумтөр жана экономика

Кыргыз өкмөтү 20-30 жыл бою ички дүң продуктунун эки санагын чыгарып, биринчисинде жалпы эсепти, экинчисинде Кумтөр алтын кенин эсепке албай чыгарып турчу. Себеби, аталган кен экономикада чоң үлүшкө ээ жана анда темп ыкчамыраак болчу. Ошого анын көрсөткүчтөрү жалпы эсепте абалды туура эмес көрсөтүп коюшу мүмкүн эле.

Башка жагынан алганда, мурда Кумтөр кенине иш жүзүндө Канаданын “Центерра Голд” компаниясы ээлик кылчу. Кыргызстан андан саналуу салык менен азыраак дивиденд гана алганы болбосо жалпы өндүрүштөн пайда тапчу эмес.

Кыргыз бийлиги 2021-жылдын май айында Кумтөр кенин башкарууну өз колуна алып, узак талаш-тартыштан кийин – 2022-жылдын апрелинде аны толук өткөрүп алды. Ошол себептүү Улуттук статистика комитети кендин өндүрүшүн жалпы ИДП менен чогуу карай баштады. Демек, мындан ары анда алтын казуу көбөйсө экономика да өйдөлөйт, азайса жалпы сандар да кыскарат. Айткандай эле азыр андагы рудада алтындын курамы азайып жатыптыр.

Экономика жана коммерция министрлигинин бөлүм башчысы Насирдин Шамшиевге кайрадан сөз берели:

Кумтөр кенинде руда ташып бараткан автоунаалар.
Кумтөр кенинде руда ташып бараткан автоунаалар.

“Январ айында ички дүң продуктунун өсүү темпи 4,8% болгон эмес беле? Январь-апрелде 4,4% өсүш болгон. Январь-июндун жыйынтыгында 3,9%га чейин төмөндөп кеткен себеби Кумтөр кенинде негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмүнүн кыскарышы менен түшүндүрүлөт. Ал жерде кендин курамында алтындын көлөмү азыраак чыгып калып жатат. Рудада металлдын коэффициенти төмөн экен. Бул кендин өндүрүшү азыр жалпы өнөр жайдын 25% үлүшүн түзөт. Ошону үчүн андагы өйдө-төмөндөө жалпы көрсөткүчтөргө жетиштүү эле таасир этет”.

Кыргыз өкмөтү Кумтөр кенине тышкы башкаруу киргизген 2021-жылы анда 14,6 тонна алтын алынган. Мунун 4-5 тоннасын кенге ага чейин ээлик кылган канадалык “Центерра Голд” компаниясы чыгарып кетсе, 10 тоннасы Кыргызстандын өзүндө калган. Кыргыз бийлиги мындан 323 миллион доллар киреше тапканын маалымдаган. Натыйжада мамлекетке 13,6 миллиард сом салык төгүлгөн.

2022-жылы 17,3 тонна алтын өндүрүлүп, план 200 килограммга ашыкча аткарылган. Компания мындан 986,5 миллион доллар киреше тапкан. Натыйжада ишкана мамлекетке 32,1 млрд. сом салык жана милдеттүү төлөмдөрдү төккөн.

Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.
Кумтөрдүн алтыны. Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы 14 тонна алтын өндүрүү планы коюлган. Үч айдын жыйынтыгында компания 2 тонна 504 кг алтын өндүрдү. Салык кызматына, Соцфондго, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна, камсыздоо, башка төлөм жана алымдарды эсепке алганда биринчи кварталда бюджетке 48,1 млн доллар же 4,2 млрд сом төлөнгөн. Компаниянын өзүнүн кирешеси 36,9 млн доллар же 3,1 млрд сом деп кабарланды. Алты айдын отчёту жарыялана элек.

Экс-вице-спикер жана экс-вице-премьер, көп жылдан бери Кумтөр кенин иликтеп жүргөн Кубанычбек Исабеков ушул жерден кепке кошулду:

Кубанычбек Исабеков
Кубанычбек Исабеков

“700 тоннадан ашык запасы бар деп айтылган Кумтөр кенинде канчасы алынды, канчасы калды баары ачык айтылып, кенен отчёт берилиши керек эле. 10 миң 70 гектар жердин ичинде борбордук аянтта "Кумтөр-2" деген долбоор менен астына чейин казып кирсе болот. Ал жерде эч нерсе азайган жок. Ал аянтта ошондой эле Сары-Төр жана Түштүк-Батыш деген жер бар. Анан мурда кадимкидей эле казылып жаткан жерде алтынды курамы азайып кетти дегени мага түшүнүксүз. Өндүрүш 14 тоннага чейин түшүп кеткен учур кенди канадалыктар иштетип жаткан учурда такыр болгон эмес. "Центерра" кирешени бизге бербей койгону өзүнчө иш деңизчи, бирок алар ар бир кварталда, жарым жылда же бир жылда кенен отчёт берип турушчу. Азыр калың журтчулукка кенен так отчёт берилбей жатат. Алтындын эсеби, рудадан алынган күмүштүн эсеби, канча алтын өндүрүлүп, канчасы кайсы жакка, канча баага сатылып жатканы так берилип турушу керек болчу. Же баары Улуттук банкта сакталып жатабы, ал да ачык айтылыш керек. Болбосо ошондой эле киши, ошондой эле техника, күйүүчү май, химиялык заттар, айлык, коммуналдык төлөмдөр, баары мурдагыдай эле, анан рудада алтындын курамы азайып кеткени мени таң калтырып жатат. Менин баамымда, 450 тоннадай эле алтын казылды, ал жакта кеминде 250 тоннадай алтын бар. Азыр же руда казылып жатканда азайып кеттиби, же Кара-Балтадагы комбинатта бөлүнүп жатканда азайып кеттиби, айтор мен үчүн түшүнүксүз. Алтын мынчалык кескин азайып кетпеши керек эле. Балким көзөмөлдү күчөтүш керектир. Кыргызстанга өткөндөн кийин президенттин эле тапшырмасын күтө бербей, Эсептөө палатасы да көзөмөлдөп койсо болмок”.

2012-жылкы геологиялык чалгындоонун алкагында Кумтөр кенинин иши 2026-жылга чейин уланары маалым. Бирок кийинки чалгындоонун жүрүшүндө алтынды 2031-2032-жылдарга чейин казса болору айтылган. Ал эми калдык сактоочу жайлар кайрадан иштетилсе кендин өмүрү 2040-2042-жылдарга чейин узарышы мүмкүн. Албетте, жыл сайын өндүрүлгөн алтындын көлөмү мурдагы жылдардан азайып жүрүп отурары айтпаса да түшүнүктүү.

Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 4-апрелинде Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жар салган учурда муну өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп сыпаттап, ал дагы көп жылдарга чейин жемишин берет деп ишендирген.

Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

“Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд долл киреше алууга жетишебиз. Башкача айтканда, 160дан баштап 200 тоннага чейин алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка дагы мүмкүнчүлүктөр да бар. Азырынча ал жөнүндө кененирээк токтолбой эле турайын. Айтайын дегеним, Кумтөрдүн чоң потенциалы бар жана элибизге дагы узак жылдар бою кызмат кылат”, – деген президент ошондогу түз эфирде.

Тышкы соода жана Орусия

Экономиканын башка сектору, тагыраагы соода жүгүртүүсү жөнүндө алсак бул жактан да өсүштөр бар. Адатта анын эсеби бир ай кечигип чыгат, ошого беш айдын мисалын алабыз.

Демек, Улуттук статистика комитетинин баштапкы эсептерине ылайык, Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 5,2 жакын млрд долларды түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 27,9% көбөйдү. Анын ичинде экспорттук жөнөтүүлөр 21,9%, ал эми импорттук келип түшүүлөр 29,2% өстү.

Жалпы сан өскөн менен эгер Евразия Экономикалык Биримдигиндеги (ЕАЭБ) өлкөлөр менен алып-сатууну алсак, анда кыскаруу бар экен. Калганын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева айтсын:

"ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2023-жылдын январь-майында 1,6 миллиардга жакын АКШ долларын түздү жана 2022-жылдын январь-майына салыштырмалуу 3,0%га төмөндөдү. Мында экспорттук жөнөтүүлөр 10,6%га көбөйгөн, ошол эле учурда импорттук келип түшүүлөр тескерисинче 8,3%га кыскарган. 2023-жылдын январь-майында республиканын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соодасынын эң көп үлүшү Орусияга (64,4%) жана Казакстанга (33,2%) туура келди".

ЕАЭБдин ичиндеги мамлекеттерден Орусия менен соода эң көп үлүштү ээлеп жатканы үчүн аны деталдуу карап көрөлү.

Кыргызстандын эсебинде, эки өлкөнүн соодасы 2022-жылдын беш айында 1,1 млрд доллар болсо, 2023-жылдын беш айында 1 млрд доллардан аз-маз гана ашкан. Бишкек Москвага былтыр бул аралыкта 243 млн долларлык товар жөнөтсө, быйыл бул мөөнөт ичинде 285 млн долларлык нерсе сатты. Ошол эле маалда өткөн жылы январь-майда крыгыз ишкерлери 875 миллион долларлык товар алып, быйыл анысын 726 миллион долларга азайткан.

Кыргызстан менен Казакстандын реэкспортун чагылдырган коллаж.
Кыргызстан менен Казакстандын реэкспортун чагылдырган коллаж.

Иш жүзүндө Кыргызстан Орусиядан кайсы бир товарларды ташып келүүсүн былтыркыга караганда азайтып, тескерисинче өзү ага көбүрөөк нерселерди сатып жатат экен.

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Насирдин Шамшиев ага мындайча комментарий берди:

"Менимче Орусиядан импорттун түшүп жаткан биринчи себеби былтыркы жылы анын көлөмү чоң болгонунда. Быйыл айрым зарыл эмес нерселерди ташып келбей калдык, ошону үчүн азайгандай көрүнүшү ыктымал".

Кыргызстан кайсы товарларды ташып келүүсүн азайтканын өзүнчө да изилдесе болчудай, бирок кайсы товарларды жөнөтүп жатканы буга чейин бир нече жолку баяндарыбызда айтылып келди.

Тагыраагы Москвага салынган санкциялардан улам Орусия АКШдан, Европа Биримдигиндеги өлкөлөрдөн жана башка мамлекеттерден көп товарларды түз ташып келе албай жатат. Ошол себептүү Кыргызстан аларды өзүнө алып келип, кайра Орусияга реэкспорт кылып жатат. Кыргызстандын Орусияга экспорту өскөнү менен, Кытайдан жана Европа өлкөлөрүнөн импортун көбөйткөн. Мунун ичинде автотранспорттордун тетиктери, ар кандай куралдардын деталдары, электроникалык буюмдар жана башка ушул сыяктуу нерселер Ала-Тоого адаттан тыш көбүрөөк келип, кайра Орусияга чыгып кетүүдө.


Улуттук статистика комитетинин эсебинде, Кыргызстандын Европа континентиндеги 40тан ашуун мамлекет менен соодасы былтыр беш айда 178 миллион доллар болсо, быйыл беш айда 533 миллион долларга жетти. Бишкектин импорту былтыр бул аралыкта 147 миллион доллар болсо, быйыл 431 миллион долларды түздү.

Ушул эле мекеменин маалыматында Кыргызстандын Кытай менен соодасы 2022-жылдын беш айындагы 1,4 млрд доллардан 2023-жылдын беш айында 1,8 млрд долларга көтөрүлдү. Бишкек Бээжинден былтыр беш айда 1,3 млрд долларлык товар алса, быйыл 1,7 млрд долларлык товар алып келди.

Экономика боюнча эксперт Расул Түлеевдин ушул боюнча пикирине да орун берели:

"Бул сөзсүз түрдө реэкспорттун гана "жетишкендиги". Европадан, Кытайдан көп товар сатып алып, кайра Орусияга көбүрөөк жөнөтүп жатканыбыз түшүнүктүү эле болуп турат. Андан да өтө көп суммалар расмий сандарга кирбей калып жатканын белгилеп коёлу. Айталы, Кыргызстан менен Кытайдын соодасын биздин Улуттук статистика комитети бир сумма келтирсе, Кытай андан да чоң товар кетти деп маалымат берип жатат. Демек, азыр биздин экономикада биз кылып жаткандан да чоң товарлардын көлөмү айланууда. Кээ бир товарлар бажыдан айланып өтүп жатат, айрым нерселер керек болсо бизге жазылып, бирок өлкөбүздүн аймагына да келбей реэкспорт болуп кетип жаткан болушу ыктымал. Же болбосо бизге ташылып келип, бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн товар катары кайра экспорт чыгып кетип жаткан болушу мүмкүн".

Евростаттын маалыматтарына ылайык, Европа Биримдиги менен Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 2021-жылы 337,2 миллион долларды түзгөн болсо, 2022-жылдагы эсеп боюнча бул сумма 1 млрд 319,4 млн долларга жетип отурат. Бишкектин импорту былтыр 263 миллион доллар болсо, быйылкы импорту 1 млрд 172,2 млн доллар болгон.

Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту. Жалпы сооданын ичинен бөлүнүп алынган көрсөткүчтөр.
Европа Биримдигиндеги айрым өлкөлөрдүн Кыргызстанга экспорту. Жалпы сооданын ичинен бөлүнүп алынган көрсөткүчтөр.

Евробиримдик, анын ичиндеги лидер өлкөлөрдүн өкүлдөрү буга байланыштуу Кыргызстанга бир нече жолу келип, тиешелүү аткаминерлерге эскертүү берип кетти. Бирок баары бир Кыргызстанга каршы санкция салуудан карманууда. Борбор Азия өлкөлөрүнө деле мындай чара колдоно элек. Анткени, бул чөлкөмдөгү мамлекеттер Орусияга экономикалык жактан көз каранды болуп тургандыгын түшүнүп тургандай.

Деген менен майдын ортолорунда АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген учурда Армениянын бир жана Кыргызстандан бир ишканасына санкция салды. АКШнын Каржы министрлиги расмий жарыялаган документинде Кыргызстандын “Тро, Я” компаниясы (АКШнын документинде Tro.Ya, LLC деп турат-ред.) санкцияга илингени айтылды. Документте аталган компания Чүйдүн Токмок шаарында жайгашканы жазылган.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG