Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:08

Декреттик жөлөк пул жаңы жылдан тартып эки эсе көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы төрөгөн аялдарга иштеген жеринен жана мамлекеттен төлөнүп берилүүчү (декреттик) жөлөк пул келерки жылдан тартып эки эсе көбөйөт. Бул тууралуу бүгүн, 21-июлда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пул 1-январдан баштап жогорулайт.

Азыркы мыйзам боюнча иштеген аялга жумушунан толук айлыгынан он күндүк өлчөмдө жана республикалык бюджеттен болжол менен 4-4,5 айга ай сайын миң сомдон төлөнүп берилүүдө.

Жаңы жылдан тартып жөлөк пулдун республикалык бюджеттен төлөнүүчү бөлүгү тоолуу эмес аймакта иштеген аялдар үчүн эки эсе көбөйөт. Тагыраагы, ар бир айда миң сомдун ордуна эми 2 миң сомдон болот.

Ал эми бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын алыскы аймакта иштеген аялдарга жөлөк пулдун бюджеттен каржылануучу бөлүгү алардын толук айлык акысынын өлчөмүндө жүргүзүлөт.

Министрдик мындай кадам аялдарга социалдык жактан колдоо көрсөтүү максатында жасалып жатканын белгиледи.

Азыркы тапта, мекеме кошумчалагандай, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдун орточо өлчөмү 16,1 миң сомду түзүүдө. Быйыл жыл башынан бери жөлөк пулдун бул түрү 15 миң аялга 249 миллион сом өлчөмүндө төлөнүп берилди. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG