Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:04

Индияда жүздөй адам жер көчкү алдында калды


Жер көчкү алдында калгандарды куткаруу учуру, Индия. 20-июль, 2023-жыл
Жер көчкү алдында калгандарды куткаруу учуру, Индия. 20-июль, 2023-жыл

Индиянын батышындагы жер көчкү алдында калгандарды куткаруу иштери 21-июлда дагы уланды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Мумбай шаарынан 60 чакырым алыстыкта жайгашкан Махараштра штатындагы алыскы айылдардын биринде жер көчкү 20-июлга караган түнү болгон. Бир нече турак жайды таш аралашкан топурак басып калган. Куткаруучулар бейшембиде 16 адамдын сөөгүн алып чыгышты.

Маалымат каражаттары жазгандай, айылда жашаган 225 кишинин жүздөйү жер көчкү алдында калган. Куткаруу иштерине калың туман жана нөшөрлөгөн жаан тоскоолдук жаратууда.

Эки жыл мурда ушул эле аймактагы кошуна айылда жер көчкү 80 адамдын өмүрүн алган. Индиянын Метеорология департаменти билдиргендей, быйыл 1-июндан тартып табият кырсыктарынан кеминде жүз адамдын өмүрү кыйылды.

Бул аптада Индияда тынбай жааган нөшөрдөн Ямун дарыясындагы суунун деңгээли 45 жылдан бери биринчи жолу Таж-Махалдын дубалдарына чейин жетип, бир нече тарыхый эстеликти алып кетти.

XS
SM
MD
LG