Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:13

Бернс: Путинге Пригожинден өч алуу үчүн убакыт керек


Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бёрнс. Вашингтон. 15-апрель, 2021-жыл.
Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бёрнс. Вашингтон. 15-апрель, 2021-жыл.

Американын Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бернстин айтымында, Орусиянын президенти Владимир Путин "Вагнердин" башчысы Евгений Пригожинден "куралдуу козголоңу" үчүн өч алуу максатында ыңгайлуу учурду күтөт.

20-июлда Аспендеги (АКШ) Коопсуздук форумунда сүйлөп жатып, Уильям Бернс "Пригожиндин козголоңу Путиндин бийлигине жасалган эң чоң коркунуч болуп калганын" айтты. Ал ошондой эле буга чейин Украинадагы согуштун жүрүшүнөн күмөн санап келген орус элитасынын өкүлдөрү эми Путиндин лидерлигинен күмөн санап жатканын кошумчалады.

Контрчабуул тууралуу сөз кылганда, чалгын кызматынын башчысы Украинанын ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү жогору экенин айтты.

"Орус армиясы Украинанын түштүгүндө курган коргонуу каражаттарынын артында түзүмдүн начардыгы, моралдык демдин төмөндүгү жана жогорку даражалуу аскердик жана саясий жетекчиликтеги башаламандык жашырылган", - деп кошумчалады ал.

Орусиянын аскер жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган Евгений Пригожин жалданма аскерлери менен 23-24-июнь күндөрү Ростов-на-Дону шаарын басып алып, Москваны көздөй жөнөгөн. Орто жолдон күтүүсүздөн артка кайтарын жарыялаган. Буга анын телефондон Беларустун авторитардык башчысы Александр Лукашенко менен сүйлөшүүсү түрткү болгон.

"Куралдуу козголоң" маалында жасаган кайрылуусунда, Владимир Путин Пригожинди Орусиянын аскердик жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке дымагынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптаган.

Президент Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын алат" деп убада кылган.

Анткен менен жазалабай эле Путин бир нече күндөн кийин Пригожинди жана менчик аскердик компаниянын командирлерин Кремлде кабыл алганы маалым болду. Жолугушууда Путин "куралдуу козголоңго" баа бергени айтылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG