Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:04

COVID-19: кенемте ала албай калган медиктер президентке кайрылды


Кенемте ала албай убара тарткан Ысык-Ата аймактык ооруканасынын 24 медицина кызматкери.
Кенемте ала албай убара тарткан Ысык-Ата аймактык ооруканасынын 24 медицина кызматкери.

Кантта COVID-19 пандемиясы маалында иштеген 24 медицина кызматкери кенемте ала албай калганын айтып, президентке кайрылды.

Төрт дарыгер жана 20 медайым 2020-жылдагы “кара июль” аталган пандемиянын эң оор маалында Кант шаарындагы аймактык оорукананын кызыл зонасында иштеп жүрүп COVID-19 инфекциясын жуктуруп алганын айтууда. Бирок бул ПЧР тесттин жыйынтыгы менен тастыкталбай калгандыктан, Саламаттык сактоо министрлигинин атайы комиссиясы убада кылынган кенемтени төлөп берген эмес.

“Жугуштуу оорулар бөлүмү, төрөт бөлүмү, терапия бөлүмүнүн баарында оорулуулар жык-жыйма болуп атты. Биз алардын ПЧР тестинин жыйынтыгына карабай бирдей дарылап, айыктырып чыгарууга далалат кылганбыз. Алардан жуккан оорунун айынан суй жыгылып, өз жаныбыз үчүн да күрөштүк. Өпкөбүз кагынганы, кандай дарылар жазылганы, ошондогу абалыбыз тууралуу маалымат документтерге тиркелген, рентгендин жыйынтыгы кошулган. Ага карабай бизге компенсация беришкен жок. Ал тургай бир кесиптешибизге “компенсация берилсин” деген чечим чыгып, эсебине акча которулгандан кийин кайра кайтарып алышты. Биздин үнүбүздү уккан адам болбой жатат”, - деди Ысык-Ата аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн улук медайымы Мээрим Жолдошова.

Саламаттык сактоо министрлигине, УКМК, Чүй облустук прокуратурасына маселесин айтып кайрылган медиктер канааттандыраарлык жооп алган эмес. Мындан улам алар 2023-жылдын февралында Бишкек шаардык административдик сотуна кайрылып, чечим 10-июлда чыккан. Сот арыз жазган медицина кызматкерлеринин өтүнүчүн канааттандырган эмес.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” коомдук фондунун юристи Акылбек Эсенгулов өкмөт медиктердин укугун бузуп, тандалма мамиле жасап атканын билдирүүдө.

“Эмгек кодексине жана коронавирус пандемиясында иштеген адистерге компенсация төлөп берүү жөнүндө атайы жарлыкка ылайык, жумуш ордунда жүрүп COVID-19ду жугузган ар бир адис акча алышы керек болчу. Бирок азыр ПЧР тести аныкталса да компенсациясын ала албай жүргөн медиктер толтура. Сот органдары биздин арызга мыйзамсыз чечим чыгарып берди. Бирок биз мындан ары даттанып, акыйкаттыкты талап кылабыз”.

Ысык-Ата аймактык ооруканасынын короосуна чогулган медиктер президент Жапаровго кайрылып, компенсация маселесине жекече көңүл буруусун өтүндү.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева кенемте төлөп берүү боюнча комиссиянын ишине кийлигише албай турганын “Азаттыктын” кабарчысына 21-июлда билдирди.

Коронавирус пандемиясы Кыргызстанда 107 медицина кызматкеринин өмүрүн алганы май айында расмий тастыкталган. Ооруну жугузуп алган медицина кызматкерлеринин жалпы саны дээрлик 8 миңге чамалаганы, алардын арасында мамлекеттик да, менчик да медициналык жайлардын өкүлдөрү бар экени белгилүү болгон.

Саламаттык сактоо мекемелеринин вирусту жугузуп алганы тастыкталган 3520 кызматкерине 629 миллион 579 миң сом кенемте төлөнгөнү кабарланган. (KS).

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG